ЕЭК Коллегиясынын Төрагасынын Астанадагы эл аралык жолугушуулары

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясниковичтин Азиядагы өз ара иштешүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмесинин ((АӨИЧК) жана КМШ саммиттерине катышуу үчүн Астанага иш сапарынын биринчи күнү бир катар эл аралык жолугушуулар болуп өттү. Михаил Мясникович Сингапур Республикасынын Премьер-министринин Канцеляриясындагы министр, тышкы иштер жана билим берүү боюнча экинчи министр, доктор Малики Осман менен ЕАЭБ менен Сингапурдун соода-экономикалык кызматташтыгынын маселелерин талкуулады. Бир тарабынан ЕАЭБ жана анын мүчө мамлекеттеринин, экинчи тарабынан Сингапур Республикасынын ортосунда эркин соода келишимин ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду.

Премьер-министрдин Канцеляриясында министр, доктор Малики Осман сингапурлук тараптын макулдашуунун тез арада күчүнө киришине кызыкдар экендигин белгилеп, ошондой эле Бирликтин айрым өлкөлөрү менен кызмат көрсөтүүлөрдү сатуу жана инвестициялар маселелерин жөнгө салуучу эки тараптуу документтер боюнча жүргүзүлүп жаткан сүйлөшүү иштери жөнүндө маалымдады. 

 Өз кезегинде ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы ЕАЭБдин дүйнөдөгү экономикалык жана технологиялык жактан өнүккөн өлкөлөрдүн бири катары Сингапур менен өнөктөштүгүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

 Доктор Малики Осман Михаил Мясниковичти сапар менен Сингапурга келүүгө чакырды.

Михаил Мясникович жана Өзбекстан Республикасынын тышкы иштер министри Владимир Норов ЕАЭБдин ишине Бирликтин алдындагы байкоочу мамлекет катары Өзбекстандын катышуу маселелерин талкуулашты. Өз ара пайдалуу экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө багытталган эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн ар кандай аспектилери козголду.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы жана БУУнун Башкы катчысынын Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Наталья Герман Борбордук Азия мамлекеттери менен Евразия экономикалык бирлигинин экономикалык өз ара аракеттенүү маселелери боюнча пикир алмашышты. 

Бириккен Улуттар Уюмунун ишинин айрым аспектилери козголду. Эл аралык күн тартибиндеги бир катар актуалдуу маселелер талкууланды.