ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин эл аралык автомобиль ташуучулары үчүн Россия Федерациясынын аймагында убактылуу болуу мөөнөтү узартылды

Россия Федерациясынын Өкмөтү ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин жарандары — кесипкөй айдоочулардын убактылуу болуу мөөнөтүн жылына 180 күнгө чейин узартты. Тиешелүү токтом расмий порталда жарыяланды жана 2026-жылдын 30-июнунан тарта күчүнө кирет.


Эскерте кетсек, 2025-жылы ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин жарандары — эл аралык автомобиль ташуучулары Россия Федерациясынын аймагында өздөрүнүн кесиптик ишмердүүлүгүн жүзөгө ашырууда кыйынчылыктарга туш болушкан. Россия Федерациясынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын убактылуу болуу мөөнөтүнүн жылына 90 күнгө чейин кыскартылышы транспорттук компаниялардын чыгымдарынын өсүшүнө алып келген.

Бул маселе Евразия экономикалык комиссиясынын аянтчасында бир нече жолу каралган. Талкуулардын жыйынтыгы боюнча эл аралык жүк ташуучуларга өздөрүнүн кесиптик ишмердүүлүгүн жүзөгө ашырууну улантууга мүмкүндүк берген ыкчам жооп кайтаруу чаралары иштелип чыкты.

Азыркы учурда Россия Федерациясынын аймагында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандары — эл аралык-айдоочулардын убактылуу болуу маселеси чечилди.

Алсак, "Россия Федерациясынын Өкмөтү токтом кылат: мындай чет өлкөлүк жарандар тарабынан Россия Федерациясына кирүү жана Россия Федерациясында болуу (жашоо) максатында белгиленген тартипте арыз берилген шартта, Россия Федерациясына виза алууну талап кылбаган тартипте келген, эл аралык автомобиль ташууларын жүзөгө ашырган кесипкөй айдоочулар болуп саналган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин жарандарынын, ошондой эле Грузиянын жарандарынын Россия Федерациясында убактылуу болуу мөөнөтү бир календардык жылдын ичинде жалпысынан 180 суткага чейин узартылсын".

Аталган арызды берүү маселеси боюнча толук маалымат шилтеме боюнча жайгаштырылган. 

Аталган чараны ишке ашыруу максатында Россия Федерациясынын Өкмөтү тарабынан эл аралык автомобиль ташуучулары Россия Федерациясына кирүү жөнүндө арыз берген учурда көрсөтүлүүгө тийиш болгон документтердин тизмеси дагы аныкталды, тактап айтканда:

  • инсандыгын ырастаган документтин көчүрмөсү же Россия Федерациясынын эл аралык келишимине ылайык инсандыгын ырастаган документ катары таанылган башка документтин көчүрмөсү;

  • эл аралык автомобилдик ташууларды ишке ашырган кесипкөй айдоочу жараны болуп саналган мамлекетте берилген чет өлкөлүк улуттук айдоочулук күбөлүктүн же эл аралык айдоочулук күбөлүктүн (тийиштүү улуттук айдоочулук күбөлүгү менен бирге көрсөтүлүүчү) көчүрмөсү, эгерде Россия Федерациясынын мыйзамдарында же Россия Федерациясынын эл аралык келишимдеринде башкача каралбаса, жана М2, М3, N2, N3, О3 же О4 категорияларындагы транспорт каражаттарын башкаруу укугун ырастаса;

  • М2, М3, N2, N3, O3 же O4 категориясындагы транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;

  • эл аралык товардык-транспорттук коштомо кагаздын (жүк ташуучу автомобилдердин айдоочулары үчүн) же болбосо үзгүлтүксүз ташуулардын каттам картасынын же жүргүнчүлөрдүн тизмесинин (автобус айдоочулары үчүн) көчүрмөсү."

Тиешелүү токтом расмий порталда жарыяланды жана 2026-жылдын 30-июнунан тарта күчүнө кирет.