Өкмөттөр аралык кеңеш чек ара аралык рыноктордогу атаандаштыктын абалы жөнүндө жылдык отчетту жактырды

7-августта Чолпон-Атадагы Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунда Евразия экономикалык комиссиясынын 2025-жылдагы чек ара аралык рыноктордогу атаандаштыктын абалы жана алардагы атаандаштыктын жалпы эрежелерин бузууларга бөгөт коюу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө жылдык отчету жактырылды.

Документке Комиссиянын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча блогунун негизги иш багыттары боюнча аткарган иши камтылган. Алардын катарында – атаандаштыктын жалпы эрежелерин бузууларга бөгөт коюу; Евразия экономикалык бирлигинин укугун жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарын өркүндөтүү; атаандаштыкты адвокаттоо жана эл аралык кызматташтык; Бирлик өлкөлөрү тарабынан мамлекеттик бааны жөнгө салууну киргизүү маселелери; атаандаштыкты өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү.

2025-жылы Комиссия бузуулар, негизинен нысапсыз атаандаштык жөнүндө 18 арызды карап чыккандыгы белгиленди. Бул жаатта ЕЭК Коллегиясынын үч чечими кабыл алынды.

22 товардык рыноктогу атаандаштыктын абалына баа берүү жүргүзүлдү.

Эл аралык роумингде мобилдик байланыштын баасын төмөндөтүү боюнча иштер улантылууда.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мамлекеттик бааны жөнгө салууну киргизүү (узартуу) жөнүндө төрт билдирүүсү каралды.

Жылдык отчетто кийинки отчеттук жылда ишке ашыруу пландаштырылган атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу маселелери боюнча иш-чаралар белгиленген. Алардын катарында – ЕАЭБ жөнүндө Келишимдин 76-беренесинде белгиленген чек ара аралык рыноктордогу атаандаштыктын жалпы эрежелерин бузууларга бөгөт коюу; мүчө мамлекеттердин аймактарында эл аралык роумингде уюлдук байланыш кызматтарына адилеттүү тарифтерди белгилөө үчүн шарттарды түзүү; жалпы биржалык (уюштурулган) товардык рынокту калыптандыруу; атаандаштык чөйрөсүндөгү ЕАЭБ укугун өркүндөтүү.