Өкмөт аралык кеңеш агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүнүн биргелешкен божомолун жактырды

Евразия өкмөттөр аралык кеңеши Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүнүн биргелешкен болжолдоолорун, Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн 2025-2026-жылдарга айыл чарба продукциясы, азык-түлүк жана жеңил өнөр жай үчүн чийки зат боюнча суроо-талап жана сунуш баланстарын жактырды.

ЕАЭБ мамлекеттери өздөрүнүн өндүрүшүнүн эсебинен дан, кант, өсүмдүк майлары, чочконун эти, канаттуулар эти, кой эти, тоок жумурткасы сыяктуу азыктар боюнча ички керектөөлөрдү толугу менен канааттандырышат.

Биргелешкен божомолдор жалпы рыноктун тең салмактуулугун камсыз кылууга, өз ара сооданы өнүктүрүү, жаңы өндүрүштөрдү түзүү үчүн мүчө мамлекеттердин потенциалын пайдаланууга багытталган АӨКтү өнүктүрүү боюнча системалык документ болуп саналат.