Өкмөттөр аралык кеңеш 2026-жылы Армения, Беларусь жана Кыргызстанга электромобилдерди алып кирүүгө тарифтик жеңилдик берди
11.12.2025
Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунда Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары 2026-жылы бир катар мүчө мамлекеттерге ташылып келинген электромобилдерге карата бажы алымдарын төлөөдөн бошотуу түрүндө тарифтик жеңилдик берүүнү макулдашышты.


Чечим Беларуска 20 миң даана алынып келинүүчү "таза электромобилдерге" (ЕАЭБ ТН ВЭД коду 8703 80 000 3), ошондой эле Арменияга 15 миң даана жана Кыргызстанга 15 миң даана алынып келинүүчү "таза электромобилдер" менен "ырааттуу гибриддерге" (ЕАЭБ ТН ВЭД коду 8703 80 000 5) тиешелүү.

"Бажы-тарифтик жөнгө салуу чарасы буга чейинки аракеттеринде оң натыйжасын көрсөтө алды. Ал мындан ары да электромобилдер рыногун түзүүгө жана кубаттоочу инфраструктураны өнүктүрүүгө, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигинин аймагында экологиялык таза транспорттун үлүшүн көбөйтүүгө өбөлгө түзөт деп күтөбүз", – деп белгиледи ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев.

Бажы алымдарын төлөөдөн бошотуу Арменияда, Беларуста жана Кыргызстанда туруктуу жашаган жарандарга гана берилет. Мында электромобилдерге ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укуктарын Казакстанда же Россияда жарандыгы бар жана (же) туруктуу жашаган адамдарга өткөрүп берүүгө жол берилбейт. "Ырааттуу гибриддерге" мындай укуктарды Беларуста жарандыгы бар жана (же) туруктуу жашаган адамдарга да өткөрүп берүүгө тыюу салынат.