Жаңылыктар

16.06.2022 (Обновлено: 29.06.2022 11:42)

Михаил Мясникович ПЭЭФтин ачылышында ЕАЭБ мамлекеттеринин индустриалдык өнүгүүсүн күчөтүүгө чакырды

Мындай билдирүүнү Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович Петербург эл аралык экономикалык форумунун салтанаттуу ачылыш аземинде жасады.

"Биз дүйнөлүк экономиканын фрагментацияланышына күбө болуудабыз, жана глобализация эми кайра калыбына келбейт. Буга байланыштуу биз өзүбүздүн гана күчүбүзгө ишенүү зарыл деп эсептейбиз, – деп эсептейт Михаил Мясникович. – ЕАЭБге кирген мамлекеттердин индустриалдык өнүгүүсүн күчөтүү зарыл, ал үчүн бизде бардык мүмкүнчүлүктөр бар".

Анын айтуусу боюнча, учурдагы жагдайда негизги капиталга инвестициялар ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикаларынын өз алдынча өнүгүүсүндө маанилүү ролду ойноого тийиш. "Мындан сырткары, бизде белгилүү бир натыйжалар бар. Алсак, үстүбүздөгү жылдын I кварталында эле негизги капиталга инвестициялар 11%га, ал эми Россияда 13%га өскөн", – деп баса белгиледи ал.

"ЕАЭБде өзгөргөн экономикалык шарттарда атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү камсыз кылуу үчүн аракетке салуу зарыл болгон булактар, интеллектуалдык потенциал, өндүрүштүк база, кубаттуулуктар бар", – деп ишенет ЕЭК Коллегиясынын башчысы.

Ошондой эле, талкууга Россия Федерациясынын Төрагасынын Биринчи орун басары Андрей Белоусов, Борбордук-Африка Республикасынын Премьер-министринин Биринчи орун басары Феликс Малуа жана Босния жана Герцеговинанын Президиумунун серб калкынын атынан мүчөсү Милорад Додик катышышты. Иш-чаранын модератору тележурналист Ирада Зейналова болду. 

ЕЭКтин Протокол жана уюштуруучулук камсыздоо департаментинин маалыматтык камсыздоо бөлүмү