ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович ПЭЭФ-2022нин алкагында өткөрүлгөн "АСЕАН – ЕАЭБ – ШКУ: Чоң Евразия өнөктөштүгүнүн интеграциялык сегменти" деп аталган сессиянын катышуучуларын Чоң Евразия өнөктөштүгүнүн (ЧЕӨ) стратегиясын ыкчам иштеп чыгууга жана андан ары ишке ашырууга чакырды. Ал Россиянын Президенти Владимир Путиндин ЧЕӨнү түзүү жөнүндө идеясынын ишке ашырылышынын маанилүүлүгүн белгиледи.
Буга чейин, үстүбүздөгү жылдын 26-майында Евразия экономикалык форумунун пленардык отурумунда Россиянын Президенти Владимир Путин мындай деген: "Чоң Евразия өнөктөштүгүн өнүктүрүүнүн комплекстүү стратегиясын түзүүгө убакыт келди жана ал биздин алдыбызда турган негизги эл аралык сыноолорду чагылдырышы, ошондой эле перспективдүү максаттарды аныкташы, аларга жетүү үчүн аспаптарды жана механизмдерди камтышы зарыл. Чоң Евразия өнөктөштүгү саясий жана экономикалык архитектураны өзгөртүүгө жана, албетте, бардык элдердин өнүгүү моделдеринин, маданияттарынын жана салттарынын көп түрдүүлүгүн эске алуу менен бүтүндөй континентте туруктуулуктун жана гүлдөп-өнүгүүнүн кепилдиги болууга багытталган".
Михаил Мясникович Чоң Евразияда өз ара аракеттенүүнүн тигишсиз тутумун түзүүгө – Чоң Евразия өнөктөштүгүнүн укуктук каркасын түзүүгө басым жасады. "Евразия экономикалык комиссиясы бул стратегияны мазмундуу иштеп чыгууга даяр", – деп Михаил Мясникович баса белгиледи.
ЕЭК Коллегиясынын башчысы Комиссия перспективдүү Евразия аралык коридорлорду – бул мейкиндикти бир бүтүнгө бириктирген долбоорлорду өнүктүрүүнү биринчи кезектеги милдеттер катары белгилеп алгандыгын айтты. Бул максаттарда ЕЭК Коллегиясы 2021-жылы Евразия транспорт коридорлорунун жана каттамдарынын тизмегин бекиткен.
Ошол эле мезгилде транспорт коридорлорунун санариптик экотутуму түзүлүүдө. Ал Бирликтин аймагында транспорттук операцияларды ишке ашыруу менен байланышкан 100дөн ашуун ар түрдүү сервистерди санариптик түрдө көрсөткөн улуттар аралык санариптик чечим үчүн негиз болууга, ошондой эле үчүнчү өлкөлөрдүн ушундай эле санариптик экотутумдары менен интеграциялануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш.
Чоң Евразия өнөктөштүгүнүн потенциалын ишке ашыруу үчүн практикалык негиз болушу мүмкүн болгон валюталык-каржылык кызматташтык өзгөчө көңүл бурууга татытктуу, деп эсептейт ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы. "КЭР, БРИКС жана ШКУ өлкөлөрү менен төлөм жана эсеп-кысап инфраструктурасын интеграциялоо чөйрөсүндө өз ара аракеттенүүнү күчөтүү, анын ичинде БРИКС жалпы төлөм картасын чыгаруу, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн төлөм тутумдарын түзүү жана көптөгөн башкаларды ишке ашыруу алдыда турат", – деп кошумчалады ал.
Иш-чарага Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Башкы катчысы Чжан Мин, Россия Федерациясынын тышкы иштер министринин орун басары Александр Панкин, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим Уюмунун Парламенттик Ассамблеясынын жооптуу катчысы Сергей Поспелов, Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин аткаруучу комитетинин төрагасынын – аткаруучу катчысынын орун басары Денис Трефилов, Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин Катчылыгынын аткаруучу директору Кайрат Сарыбай, Россия Федерациясынын Президентине караштуу Россия эл чарбасы жана мамлекеттик кызмат академиясынын (РЭЧжМКА) ректору Владимир Мау, Тайхэ институтунун профессору, 2016–2018-жж. ШКУнун Башкы катчысы Рашид Алимов
катышышты. Иш-чаранын модератору "М.В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети" ФМБЖБ БМнын Азия жана Африка өлкөлөрү институтунун директору Алексей Маслов болду.
Маалымат
ЧЕӨ ЕАЭБ өлкөлөрүн гана эмес, КМШ, ШКУ, АСЕАН мамлекеттерин, ошондой эле Кытай, Индия ж.б. өлкөлөр сыяктуу Евразиянын ири экономикаларын камтыйт.