Жаңылыктар

24.03.2023 (Обновлено: 28.03.2023 10:26)

Михаил Мясникович: "Биздин милдет — Нижегород областынын жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн потенциалын максималдуу өз ара пайда менен иштетүү"

Нижегород областынын биргелешкен ишканаларынын, долбоорлорунун жана кооперациялык чынжырларынын потенциалы — зор. Учурда түзүлүп жаткан татаал геосаясий жана экономикалык кырдаалда Евразия экономикалык комиссиясынын регион менен биргеликте милдети — бул потенциалды Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн лидерлери койгон милдеттерди чечүү үчүн максималдуу пайдалануу. Бул туурасында Нижегород областынын губернатору Глеб Никитин менен жолугушууда ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович билдирди.

ЕЭК Коллегиясынын башчысы белгилеп өткөндөй, анын иш сапарынын негизги максаты Бирлик өлкөлөрүнүн жетекчилеринин өнөр жай комплексинин бир катар тармактары – автомобиль- жана авиакуруу, өнөр жайды санариптештирүү, микроэлектроника боюнча кооперациялык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча демилгелерин ишке ашыруу үчүн практикалык мүмкүнчүлүктөрдү кароо болду. Дал ушул тармактарда Нижегородчинанын ишканалары негизги ролдорду ойношот.

"Биздин биргелешкен ишканалардын, долбоорлордун жана кооперациялык чынжырлардын потенциалы — зор деп эсептейм: агроөнөр жай комплекси, машина куруу, химия тармагындагы долбоорлордон баштап технопарктардын жана өзгөчө экономикалык зоналардын алкагындагы инновациялык илимий иштеп чыгууларга чейин. Биз евразиялык интеграциянын бардык потенциалын максималдуу колдонушубуз керек. Мен биздин өлкөлөрдүн лидерлери биздин алдыбызга койгон милдеттерди чечүү үчүн ресурстук, илимий жана өндүрүштүк базаны айтып жатам", – деп белгиледи Михаил Мясникович.

Ал бир нече мүнөздүү цифраларды мисал келтирди. Мисалы, Бирликтин өлкөлөрү менен соода Нижегород областынын тышкы соода жүгүртүмүнүн 16,6%ын түзөт. Ошол эле учурда товарлардын 20,3%ы Нижегород областынан ЕАЭБ мамлекеттерине экспорттолот, ал эми 9,1%ы — ЕАЭБден импорттолот. Бирлик өлкөлөрүнө экспорттун көлөмү алардан товарлардын импортунун көлөмүнөн 4,6 эсеге көп (1,3 млрд АКШ долларына каршы 290 млн АКШ доллары).

Михаил Мясникович Глеб Никитинди Нижегород областынын бизнеси менен талкууланган маселелер Комиссиянын тиешелүү блоктору менен иштелип чыгат деп ишендирди. Ошондой эле ал, учурдагы шарттарда Комиссия Бирликтин мамлекеттери киргизген бажы-тарифтик жана техникалык жөнгө салуу жаатындагы демилгелер боюнча чечимдерди ыкчам кабыл алып, долбоордук фонд жана өнөр жай кооперациясынын долбоорлорун каржылоо механизмдери түзүлүп жаткандыгын кошумчалады.

"Биздин сапар кооперация жана импортту алмаштырууну өнүктүрүү чөйрөсүндө жаңы милдеттерди ишке ашырууга кошумча түрткү болот деп ишенем", – деди Михаил Мясникович.

Өз кезегинде Нижегород областынын губернатору Нижегородчинанын Армения, Беларусь, Казакстан жана Кыргызстан менен кызматташуусунун жогорку деңгээлин белгилеп, өлкөлөрдүн ар бирине товар жеткирүү өз өзгөчөлүгүнө ээ экендигин баса белгиледи.

"Бирликтин бардык төрт өлкөсүндө нижегороддук фармацевтикалык продукция, механикалык жабдуулар, жер үстүндөгү транспорт каражаттары жана аларга карата себилдегичтер, тоң майлар жана майлар, органикалык эмес химиянын өнүмдөрү туруктуу суроо-талапка ээ. Биз ЕАЭБ мамлекеттери менен соода-экономикалык операцияларды көбөйтүүгө олуттуу коюмду жасап жатабыз", – деп белгиледи Глеб Никитин.

Региондун башчысы ЕАЭБ өлкөлөрү менен биргелешкен долбоорлор жигердүү ишке ашырылып жаткандыгын айтып, Беларусь Республикасы менен кызматташтыктын жогорку деңгээлин өзгөчө баса белгиледи. 2023-жылдын февралында регионго Беларустун Премьер-министри Роман Головченко баштаган делегация келип, алар менен өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү жөнүндө бир катар олуттуу макулдашууларга жетишилген.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович Нижегород областынын губернатору Глеб Никитинге евразиялык интеграциянын долбоорлорун иштеп чыгууда жигердүү көмөк көрсөткөндүгү үчүн Евразия экономикалык комиссиясынын Ардак грамотасын тапшырды.

Эске салсак, эки күндүк сапардын жүрүшүндө Евразия экономикалык комиссиясынын делегациясы бир нече IT-компаниялардын ишмердүүлүгү менен таанышып, өнөр жай ишканаларынын өкүлдөрү менен жолугушкан.