Жаңылыктар

17.03.2023 (Обновлено: 21.03.2023 12:51)

Михаил Мясникович: "Инвестициялык кызматташтыктын жаңы механизмдери ЕАЭБди өнүктүрүү үчүн артыкчылыктуу мааниге ээ"

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин катышуучу мамлекеттердин Эл аралык экономикалык форумунда чыгып сүйлөп жатып, Евразия экономикалык бирлигинде инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана кубаттуу евразиялык компанияларды түзүүгө чакырды.

"Өз ара инвестициялар ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ИДӨсүнө эң чоң интеграциялык салымдарды кошууда, – деп баса белгиледи ЕЭК Коллегиясынын башчысы. - Ошондуктан негизги капиталга учурдагы инвестициянын көлөмүн, бул ИДӨгө карата 17-18% түзөт, кеминде эки эсеге көбөйтүү керек, ошол эле учурда мамлекет жеке бизнес менен катар жигердүү инвестор катары чыга алмак".

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы евразиялык экономикалык интеграциянын оң натыйжаларын санап өттү. "2015-жылдан 2022-жылга чейинки мезгил аралыгында Бирлик мамлекеттеринин өз ара соодасынын көлөмү 1,8 эсеге өстү, - деп белгиледи Михаил Мясникович. - Ошол эле учурда үчүнчү өлкөлөр менен соода кызматташтыгында да оң тенденциялар байкалууда, ал 1,7 эсеге өстү".

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы билдиргендей, "Бирликти туруктуу өнүктүрүүнүн негизги багыты болуп өнөр жай өндүрүшүнүн процесстерин кардиналдуу тездетүү жана ЕАЭБдин өнөр жай кластерлерин түзүү саналат".

Евразиялык интеграцияны өнүктүрүүнүн келечектүү багыттарынын катарында - ЕАЭБ өлкөлөрүнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча милдет аталды. "Евразиялык "бешилтикте" 94% өздүк өндүрүштүн эсебинен ички рынокту камсыздоонун жогорку деңгээлине жетишилди", – деп белгиледи ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы. Ал ошондой эле айыл чарба жана азык-түлүк продукцияларын өндүрүү жана керектөө баланстары өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүү жөнүндө гана эмес, аларды рационалдуу башкаруу зарылдыгы туурасында тастыктап тургандыгын баса белгиледи.

Ошондой эле Михаил Мясникович ЕАЭБ, КМШ, ШКУ жана БРИКСтин конструктивдүү өз ара иштешүүсүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи, бул 24-25-майда Москвада өтө турган II Евразия экономикалык форумунун негизги темаларынын бири болмокчу.

Маалымат

КМШнын катышуучу мамлекеттеринин Эл аралык экономикалык форуму КМШ өлкөлөрүнүн ишкерлеринин жана мамлекеттик бийлик өкүлдөрүнүн ачык диалогу үчүн жыл сайын өткөрүлүүчү абройлуу аянтча болуп саналат. Быйылкы Форумдун темасы - "Интеграциялардын диалогу: КМШ, ЕАЭБ, ШКУ, БРИКС".

Форумдун ишине КМШ өлкөлөрүнүн вице-премьерлери, экономикалык өнүктүрүү, финансы, өнөр жай жана соода министрликтеринин жетекчилери жана орун басарлары, бийлик органдарынын, соода-өнөр жай палаталарынын, тармактык бирикмелердин жана банк коомдоштуктарынын өкүлдөрү катышат.