Жаңылыктар

25.02.2022 (Обновлено: 21.03.2022 12:53)

Михаил Мясникович Өкмөттөр аралык кеңештин 24-25-февралдагы отурумунун жыйынтыктары жөнүндө

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович журналисттерге Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 24-25-февралда Нур-Султанда (Казакстан Республикасы) бетме-бет форматта болуп өткөн отурумунун жыйынтыктары жөнүндө айтып берди.

– Урматтуу ЖМК өкүлдөрү, Өкмөттөр аралык кеңештин Төрагасы өткөн жылдын натыйжаларынын статистикасын толук жана объективдүү чагылдырып өттү жана алар бизди кубандырбай койбойт, анткени интеграциянын негизги көрсөткүчү – бул өткөн жылда орун алган өз ара өнөр жай кооперациясынын өсүшү, өз ара сооданын өсүшү – 2020-жылга салыштырмалуу үчтөн бир эсеге жана 2019-жылга салыштырмалуу 20 пайыздык пунктка. Ошентип, биз бул көрсөткүчтөрдүн тууралыгы жөнүндө айта алабыз.

Бул жыл – Кыргыз Республикасы ЕАЭБде төрагалык кылган жыл. Мен Кыргызстандын Президенти С.Н. Жапаровдун өлкөнүн Бирликтин органдарындагы ушул жылдагы төрагалыгына байланыштуу мамлекет башчыларына жасаган абдан мазмундуу жана максималдуу түрдө конкреттүү кайрылуусуна дагы бир ирет көңүл буруп кетким келет. Биз ЕЭКте, атап айтканда, Коллегияда, тийиштүү иш-аракеттердин планын иштеп чыктык, бул жылга карата керектүү документтерге кол койдук. Ошентип, бул жөн гана кайрылуу эмес, ал биз Кыргыз Республикасынын тийиштүү демилгелерин ишке ашыруу боюнча алектенүүчү жана өкмөт башчыларына жана мамлекет башчыларына баяндама берүүчү конкреттүү практикалык ишке айланды.

Бизди 2022-жылдагы иште коштоочу белгилүү бир жаңылыкка көңүлүңүздөрдү бургум келет. Мен ишмердиктин үч негизги багытын белгилеп кетээр элем. Биринчиси – бул негизги капиталга инвестициялар. Өткөн жылда инвестициялардын көлөмдөрү мурунку жылдарга салыштырмалуу бир аз көбөйгөнү менен, биз ички рынок үчүн жана үчүнчү өлкөлөргө экспорттоо үчүн жогорку атаандаштыкка жөндөмдүү товарларга ээ болуу үчүн бул жетишсиздик кылат деп эсептейбиз. Андыктан биз инвестицияларды олуттуу түрдө көбөйтүп, жок дегенде ИДӨнүн 30%нан кем эмес көрсөткүчкө жетүү керек деп эсептейбиз. Акыркы эки жылдын ичиндеги көрсөткүчтөргө салыштырмалуу аларды 1,5-2 эсе көбөйтүү зарыл. Айрыкча экономиканын негизги тармактары катары өнөр жай өндүрүшүнө жана жаңы өндүрүштөргө инвестициялардын көлөмдөрүн көбөйтүү зарыл – өнөр жай кооперациясынын да, Евразия аралык экономикалык корпорацияларды түзүүнүн да эсебинен: микроэлектроника, биотехнологиялар жана 5-6-технологиялык тартип катары классификацияланган ишмердиктин башка прогрессивдүү багыттары боюнча.

Экинчи багыт абдан маанилүү. Бул – сөздүн кеңири маанисинде санариптештирүү маселелери. Биз бул ишти учурда жүргүзүп жатабыз, башкача айтканда, принципиалдуу жаңы технологиялар – санариптик күн тартиби жана интеграцияланган маалыматтык тутум түзүлмөкчү. Мен, биз бир кыйла прогрессивдүү маалымат алмашуу тутумуна ээ болушубуз үчүн, баяндаманын тийиштүү жоболорун жана ишмердиктин багыттарын колдогон өкмөт башчыларына ыраазычылыгымды билдирем.

Биздин бул жылга карата пландарыбыз: учурдагы жалпы процесстерди пайдаланууну өткөн тогуз жылга салыштырмалуу көбөйтүү. Бул үчүн бизде бардык негиздер бар, мыкты уюшулган иш жүрүп жатат. Ошону менен бирге, мен көп нерсе интеграцияланган маалыматтык тутумдун улуттук сегменттеринин даярдыгынан көз каранды болушуна көңүл буруп кетким келет. Бүгүнкү күндө бир катар өлкөлөр интеграцияланган маалыматтык тутумдун жалпы процесстерине кошулуу боюнча артта калып жаткандыгын констатациялоого аргасызбыз. Өнүгүү механизмдерине келсек, биз бул тууралуу өкмөт башчыларына баяндап, тийиштүү колдоо алдык.

Албетте, бул үч багыт: негизги капиталга инвестициялар, санариптештирүү жана принципиалдуу жаңы шарттардагы кооперациялык байланыштар – андан аркы өнүгүүгө олуттуу түрткү берүүгө тийиш.

ЕЭКтин ишмердигинде ишке ашырылуучу дагы бир багы – бул социалдык саясат маселелери. Бул тема бир кыйла приоритеттүүрөөк болушу керек, анткени мунун артында ар бир конкреттүү адам турат. Белгилүү бир алга жылуулар бар. Аларга 2020-жылдын декабрында мамлекет башчылары тарабынан евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки Стратегиялык багыттарынын кабыл алынгандыгынын аркасында жетүүгө мүмкүн болду – бул жерде социалдык саясат маселелери да белгиленген.

ЕАЭБде 2021-жылы жумуш менен камсыз кылуу кызматтары тарабынан катталган жумушсуздардын саны 67%га кыскарган. Бул абдан жакшы көрсөткүчтөр, бул жаңы жумуш орундары. Биз аталган жумуш орундары жогорку натыйжалуу болушуна умтулушубуз зарыл.

ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө реалдуу айлык акысынын өсүшү камсыз кылынды, айрыкча Беларуста – 4,4%га жана Казакстанда – 8%га. Биз мындан ары да өнөр жай кооперациясына, өз ара соодага гана көңүл бөлбөстөн, социалдык күн тартибинин маселелерин да чечүү зарыл деп эсептейбиз.