Жаңылыктар

03.03.2023 (Обновлено: 06.03.2023 17:25)

Михаил Мясникович Михаил Мишустинди туулган күнү менен куттуктады

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин Төрагасы Михаил Мишустинди туулган күнү менен куттуктады.

"Жооптуу жетекчилик кызматтарда эмгектенген жылдары Сиз өзүңүздү өз ишине берилген адис, чыныгы патриот, даанышман мамлекеттик ишмер катары көрсөттүңүз", – деп айтылат куттуктоо катында. — Сиздин жетекчилигиңиз алдында Россия Федерациясынын Өкмөтү Россиянын, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган натыйжалуу чечимдерди кабыл алууда".

Михаил Мясникович Михаил Мишустинге Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн ортосунда өз ара пайдалуу мамилелерди бекемдөө маселелерине өзгөчө көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Комиссиянын Коллегиясынын башчысы Михаил Мишустинге анын туугандарына жана жакындарына чың ден соолук жана бакубатчылык каалады.