Жаңылыктар

21.09.2022 (Обновлено: 26.09.2022 17:24)

Михаил Мясникович Никол Пашинянды Армения Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович Армения Республикасынын Премьер-министри, Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин мүчөсү Никол Пашинянды өлкөнүн негизги мамлекеттик майрамы – Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

"Сиздин аракеттериңиздин жана армян элинин эмгегинин аркасында сиздердин өлкө салтын сактаган, экономикалык дараметин өнүктүргөн эгемендүү, демократиялык, гүлдөгөн мамлекет катары калынтанды", – деп айтылат куттуктоо катында.

ЕЭК Коллегиясынын Башчысы интеграциялык процесстердин алкагында натыйжалуу кызматташуу мындан ары да Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн келечектүү экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга өбөлгө болоруна ишенимин билдирди.
Михаил Мясникович Никол Пашинянга Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн ортосунда өз ара пайдалуу мамилелерди бекемдөө маселелерине көрсөткөн туруктуу колдоосу жана чоң көңүл буруусу үчүн ыраазычылыгын билдирди.