Жаңылыктар

22.07.2022 (Обновлено: 01.08.2022 12:34)

Михаил Мясникович Шавкат Мирзиёевди 65 жылдык туулган күнү менен куттуктады

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович Өзбекстан Республикасынын Президенти, Евразия экономикалык бирлигинин алдындагы байкоочу мамлекеттин башчысы Шавкат Мирзиёевди 65 жылдык туулган күнү менен куттуктады.

"Сиздин даанышман жетекчилигиңиздин аркасында Өзбекстан Республикасы Өзбекстандын стабилдүү социалдык-экономикалык өнүгүүсүн жана анын жарандарынын жыргалчылыгынын жогорулашын камсыз кылууда, – деп айтылат куттуктоо катында. – Сиздин иш-аракеттериңиз интеграциялык процесстердин, Евразия өлкөлөрүнүн ортосундагы достук өнөктөш мамилелердин бекемделишине өбөлгө түзөт".

ЕЭК Коллегиясынын башчысы Шавкат Мирзиёевдин улут лидери катары жоопкерчиликтүү ишмердиги Өзбекстандын калкы тарабынан колдоого алынып, эл аралык деңгээлде жогору бааланат деп баса белгиледи.

Михаил Мясникович Шавкат Мирзиёевге чың ден соолук, бейпилдик жана бардык иштеринде андан аркы масштабдуу ийгиликтерди, ал эми Өзбекстан Республикасына – тынчтык жана гүлдөп-өсүүнү каалады.