Жаңылыктар

27.01.2023 (Обновлено: 02.02.2023 14:31)

Михаил Мясникович БАЭнин Россиядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Мохаммад Ахмад Аль-Джабер менен жолугушуу өткөрдү

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович 27-январда ЕЭКтин штаб-квартирасында Бириккен Араб Эмираттарынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси М. А. Аль-Джабер менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн жана БАЭнин соода-экономикалык кызматташтыгынын маселелери, анын ичинде экспорттук-импорттук ташууларды көбөйтүүнүн персективалары жана сооданы диверсификациялоо талкууланды.

ЕАЭБ менен БАЭнин кызматташтыгын күчөтүүгө карата биринчи кадам 2022-жылдын июнунда Петербург эл аралык экономикалык форумунун талааларында Евразия экономикалык комиссиясы менен БАЭнин Өкмөтүнүн ортосунда Өз ара аракеттенүү жөнүндө меморандумга кол коюу болду, бул андан аркы диалогду жүргүзүү үчүн маанилүү болгон институционалдык негизди калыптандырууга мүмкүндүк берди.

2022-жылдын декабрында Жогорку Евразия экономикалык кеңеши тарабынан ЕАЭБ жана анын мүчө мамлекеттери бир жагынан, экинчи жагынан Бириккен Араб Эмираттарынын ортосунда эркин соода жөнүндө макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо жөнүндө чечим кабыл алынган.

"Сүйлөшүүлөрдү тездетилген режимде өткөрөбүз деп ишенебиз, – деп баса белгиледи ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы. – Ошону менен бирге ЕАЭБдин жана анын мүчө мамлекеттеринин БАЭ менен маселелердин кеңири чөйрөсү боюнча кызматташтыгын тереңдетүүнүн актуалдуулугу бүгүнкү күндө Бирлик өлкөлөрүнүн БАЭде олуттуу коммерциялык катышуусу, ошондой эле эмираттардын ишкер коомчулугунун ЕАЭБге болгон кызыгуусу менен тастыкталат. Биздин өз ара иштешүүнүн ыңгайлуу жана пайдалуу шарттарын түзүү үчүн зарыл болгон бардык иштерди жасайбыз".

Тараптар ошондой эле алдыда өтө турган жолугушуулардын графигин талкуулашты. Атап айтканда, Михаил Мясникович БАЭнин жетекчилигин жана ишкерлерин 24-25-майга пландаштырылган Евразия экономикалык форумуна активдүү катышууга чакырды.

Маалымат

2015-жылдан 2021-жылга чейин ЕАЭБ өлкөлөрү менен БАЭ ортосундагы сооданын көлөмү 4 эсеге, ЕАЭБдин БАЭге экспорту 4,7 эсеге, ал эми БАЭден ЕАЭБдин импорту 47%га өскөн. Ошол эле учурда 2022-жылдын январынан октябрына чейинки соода жүгүртүү 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дагы 55%га өскөн.