Жаңылыктар

29.11.2022 (Обновлено: 06.12.2022 12:38)

Михаил Мясникович: "Бирлик өлкөлөрүнүн бизнеси менен бирге биз ЕАЭБдин технологиялык көз карандысыздыгына жетишебиз"

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович 29-ноябрда Санкт-Петербургда башталган "Россиялык өнөр жайчы" эл аралык көргөзмө-форумунун катышуучуларына видео арылуу саламдашуу сөзү менен кайрылды.

Форум Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттери үчүн жылдын маанилүү иш-чараларынын бири болуп саналат. Анын уюштуруучулары – Россиянын өнөр жайчылар жана ишкерлер бирлиги (РӨИБ), Россия Федерациясынын Өнөр жай жана соода министрлиги жана Санкт-Петербургдун Өкмөтү. Бул өнөр жай жана бизнес өкүлдөрү менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын ортосунда азыркы шарттарда өнүгүүнүн реалдуулугу жана келечеги жөнүндө талкуулар жана консультациялар өтүүчү абройлуу аянтча.

"Бирлик өлкөлөрүнүн өнөр жайы, өзгөчө акыркы бир нече жылда татаал шарттарда өнүгүүдө. Ошол эле учурда бизнестин, өкмөттөрдүн жана Комиссиянын биргелешкен аракеттери менен биздин өлкөлөрдүн экономикасынын реалдуу секторун өнүктүрүүдө оң динамиканы камсыз кылууга жетиштик. Үстүбүздөгү жылдын 9 айында ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү өткөн жылдын тийиштүү көлөмүнөн ашкан", - деп белгиледи Михаил Мясникович.

Ал азыркы шарттарда кооперациялык кызматташтыктын ролу өсүп жатканын жана бул үчүн Бирлик өлкөлөрүнүн зарыл резервдери бар экендигин баса белгиледи. ЕЭК Коллегиясынын башчысынын пикири боюнча, форум Комиссияга базалык тармактарды жана өндүрүштөрдү модернизациялоонун кошумча механизмдерин иштеп чыгууга жардам берет.

"Комиссия форумга 158 тармакта 25 долбоорду камтыган, жалпы суммасы 270 млрд АКШ долларынан ашкан, биз иштеп чыккан ЕАЭБ индустриялаштыруу картасын актуалдаштыруу боюнча талдоо жана сунуштар үчүн ыраазы болмокчу, – деди Михаил Мясникович. - Буга чейин ишке ашырылып жаткан долбоорлорго жаңы долбоорлор кошулушун каалайт элем, анын ичинде автомобиль, станок-инструменталдык, химия тармактарында, фармацевтикада жана башка, айрыкча импортко көз каранды тармактарда".

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Евразия экономикалык комиссиясы мындан ары да бизнес долбоорлоруна көмөк көрсөтөрүн, Бирлик өлкөлөрүнүн өнөр жай потенциалын өнүктүрүүгө багытталган сунуштарды колдой тургандыгын белгиледи.

"Биргелешкен аракеттер менен биз ЕАЭБдин технологиялык көз карандысыздыгын камсыз кылуу боюнча биздин мамлекет башчылары койгон жооптуу милдетти ишке ашыра аларыбызга ишенем", – деп жыйынтыктады Михаил Мясникович.