Жаңылыктар

26.01.2023 (Обновлено: 31.01.2023 10:53)

ЕЭК министри Максат Мамытканов ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бажы органдарынын кызматкерлерин Эл аралык бажы кызматкеринин күнү менен куттуктады

Евразия экономикалык комиссиясынын бажы кызматташтыгы боюнча министри Максат Мамытканов Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн бажы органдарынын кызматкерлерин 26-январда белгиленүүчү кесиптик майрамы - Эл аралык бажы кызматкеринин күнү менен куттуктады.

"Бажы кызматы улуттук коопсуздукту камсыздоонун маанилүү бөлүгү, тышкы сооданын натыйжалуу жөнгө салгычы жана экономикалык процесстерге таасир берүүчү олуттуу курал болуп эсептелет. Бул чөйрөдө биздин Бирликтин мамлекеттери бирдиктүү Бажы кодексинин алкагында абдан тыгыз жана жемиштүү өз ара аракеттенишүүдө", - деп баса белгиледи Максат Мамытканов куттуктоо катында.

ЕЭК министри ЕАЭБ мамлекеттеринин бажы кызматкерлеринин жогору кесипкөйлүгү, өз ишине берилгендиги мындан ары да аларга коюлган милдеттерди аткарууга жардам берерине толук ишеним билдирди. Анын пикири боюнча, Комиссиянын жана Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн бажы кызматтарынын ортосундагы салттуу жылуу жана достук мамилелер мындан ары да бекемдеп жана өркүндөй берет.

Максат Мамытканов Бирликтин бажы органдарынын бардык кызматкерлерине жана ардагерлерине чың ден соолук, бакубатчылык жана өз мамлекеттеринин жыргалчылыгы жана евразиялык интеграция үчүн кесиптик ийгиликтерди каалады.