Жаңылыктар

26.05.2022 (Обновлено: 15.06.2022 10:16)

ЕЭК министри Максат Мамытканов: "Санариптештирүү натыйжалуу бажы контролу үчүн өбөлгөлөрдү түзүүдө"

Бажы чөйрөсүн санариптештирүү Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнө жаңы кеңири мүмкүнчүлүктөрдү берет жана натыйжалуу бажылык контролдоо, мониторинг жүргүзүү, тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучуларынын кызыкчылыктарын коргоо жана чек аралардагы товар агымдарын тейлөө үчүн өбөлгөлөрдү түзөт. Бул туурасында ЕЭКтин бажы кызматташтыгы боюнча министри Максат Мамытканов Евразия экономикалык форумунда билдирди.

26-майда Евразия экономикалык комиссиясынын министри Евразия экономикалык бирлигинин ишкер чөйрөлөрүнүн жана өнөктөш өлкөлөрдүн "Жаңы реалдуулуктарда бизнести өнүктүрүүнүн келечектүү багыттары" ачык диалогуна катышты.

"ЕЭКтин бажы блогу менен бизнес өкүлдөрүнүн "Санариптештирүү бажылык башкарууну ийгиликтүү өнүктүрүүнүн ачкычы катары" ачык диалогу" секциясында Максат Мамытканов иш-чаранын катышуучулары менен бажылык башкаруунун бир катар маселелерин талкуулады. 

Башка маселелер менен катар кеп Стратегия-2025ти бажылык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, интеллектуалдык өткөрүү пункттарын санариптик трансформациялоонун технологиялык негиздерин түзүү, бажы операцияларын жүргүзүүдө ЕАЭБ өлкөлөрүнүн электрондук кызмат көрсөтүүлөрүн жана санариптик сервистерин унификациялоо жагында жүзөгө ашыруу үчүн санариптик чечимдер жана жалпысынан Бирликте бажы кызматын өнүктүрүүнүн келечеги жөнүндө болду.

Диалогдун катышуучулары бажы транзитинин бирдиктүү тутумун ишке ашыруунун алкагында Бирликте өткөрүлүп жаткан иш-чаралар жөнүндө маалымат алышты.

Маалымат

Евразия экономикалык форуму биринчи жолу Бишкекте өтүп жатат. Форумдун программасы Евразия экономикалык бирлигинин мамлекет башчыларынын катышуусу менен пленардык отурумду, ошондой эле алты панелдик сессияны камтыйт. 

ЕЭКтин Протокол жана уюштуруучулук камсыздоо департаментинин маалыматтык камсыздоо бөлүмү