Жаңылыктар

04.07.2022 (Обновлено: 12.07.2022 13:24)

ЕЭК министрлери РФ Өкмөтүнө караштуу Каржы университетинин бүтүрүүчүлөрү менен жолугушушту

4-июлда Евразия экономикалык комиссиясынын штаб-квартирасында ЕЭК министрлери Варос Симоняндын, Арман Шаккалиевдин, Максат Мамыткановдун РФ Өкмөтүнө караштуу Каржы университетинин Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнөн окууга келген бүтүрүүчүлөрү менен жолугушуусу болуп өттү.

Иш-чара Комиссиянын имараты боюнча экскурсиядан башталды, аны ЕЭКтин протокол жана уюштуруучулук камсыздоо департаментинин (ПУКД) директорунун орун басары Данияр Жаксылык өткөрдү. Ал Евразия экономикалык бирлигинин улуттан жогорку жөнгө салуучу органы – бул жылы 10 жылдыгын белгилеп жаткан ЕЭКтин ишмердиги жөнүндө айтып берди. Ошондой эле, Данияр Жаксылык ЕАЭБдин символикасы, ПУКДнын түзүмү жөнүндө маалымат берип, Ардактуу коноктордун китебин көрсөттү. Комиссиянын Коллегия өткөрүү залында студенттер "Электрондук Коллегия" программасын колдонуу менен добуш берүү процесси менен таанышышты.

ЕЭКтин ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча министри Варос Симонян жогорку окуу жайдын студенттери менен жолугушууда ЕЭКтеги тигил же бул кызматка талапкерлер жана Комиссиянын кызматкерлери милдеттүү түрдө Евразия укугу боюнча онлайн-курстарда окуудан өтүп, анын жыйынтыгы боюнча сертификат алышы керектиги жөнүндө демилгесин айтты.

"ЕЭК эл аралык уюмунда Евразия укугу деген эмне экендигин билген жаштар иштеши керек. Биз бул курстарды киргизүү аркылуу ЕЭКтин ролун жогорулатабыз, ал эми бул дээрлик 185 млн адам үчүн саясат түзүп жаткан Комиссиянын ишинин сапатына таасир этет", – деп белгиледи Варос Симонян. Анын пикири боюнча, Комиссиянын кызматкерлеринин үчтөн бир бөлүгү жыл сайын квалификациясын жогорулатуу үчүн кайра даярдоодон өтүп, экзамен тапшырууга тийиш. Бул Европа бирлигинде кабыл алынган эл аралык практика.

Маанилүү демилге – Каржы университетинде улуттук администрацияларда жана ЕЭКте иштөө үчүн кардрдык курамды даярдоо үчүн ЕАЭБдин экономикасы маселелерине арналган Евразиялык интеграция борборун түзүү. "Биз жаш уюмбуз, бизге он жыл толду. Биз алардын жардамында ЕАЭБди илгерилетүү үчүн ийгиликтүү аспаптарды колдонушубуз зарыл. Кабыл алынып жаткан чечимдер сапаттуу болууга тийиш", – деп баса белгиледи ЕЭК министри.

Каржы университетинин бүтүрүүчүлөрүнүн айтуусу боюнча, бул мыкты идея, анткени окуу жайдын учурдагы программаларында Евразия укугу камтылган эмес. Жолугушуунун алкагында студенттер бир катар демилгелерин айтышты. Атап айтканда, алар жогорку окуу жайларынын базасында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн студенттери менен достук мамилелерин бекемдөөнү сунуш кылышты.

Буга байланыштуу Варос Симонян ушул жылдын август айында Ысык-Көлдө I КМШ жана ЕАЭБ Жаштар форумун өткөрүү пландаштырылгандыгын эске салып өттү. ЕЭК министринин пикири боюнча, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жаштары бири-бири менен маектешип, маданий диалогду өнүктүрүшү маанилүү. Маданий диапломатия аркылуу өздөрүнүн өлкөлөрүнүн кызыкчылыктарын илгерилетүүгө болот, ал эми жаштардын демилгелери ЕАЭБдин өнүгүүсүнө түрткү берүүгө тийиш.

"Атаандаштык болгон жерде прогресс болот", – ЕЭКтин атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Арман Шаккалиев Каржы университетинин бүтүрүүчүлөрүнө мына ушундай сөздөр менен кайрылды.

"Жашоонун кайсы болбосун чөйрөсүндө адилет атаандаштыктын болушу туруктуу өнүгүүнү жана жогорку сапатты камсыз кылат. Атаандаштыкка жөндөмдүү болуңуздар, алга карай басып, билим алууну токтотпоңуздар. Билим, спорт, руханият – мына адамдын гармониялуу өнүгүүсү үчүн негиздер, үч кит. Эгер баланс сакталган болсо жана бардык үч багыт тең синхрондуу өнүксө, мындай синергияда максатка багытталган, балансталган инсан жаралат.

Арман Шаккалиев бүтүрүүчүлөргө ЕЭКтин атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча блогунун ишмердиги жана жалпы эле Комиссиянын иши жөнүндө айтып берди: "Биздин милдет – Комиссиянын чечимдери чек ара аралык рыноктордо тоскоолдуктарды жана монополисттерди пайда кылбашы үчүн аларда Бирликтин бардык өлкөлөрүнүн кызыкчылыктарын эске алуу", – деп белгиледи ЕЭК министри жана окуу жайдын студенттерин Комиссияда практика өтүүгө чакырып өттү.

ЕЭКтин бажы кызматташтыгы боюнча министри Максат Мамытканов РФ Өкмөтүнө караштуу Каржы университетинин бүтүрүүчүлөрүн окуу жайды аяктагандыгы менен куттуктады: "Сиздерди жогорку окуу жайын бүтүргөндүгүңүздөр менен куттуктайм. Алган билимиңиздерди жана окуудагы ийгиликтүү тажрыйбаңыздарды кесиптик чөйрөдө жана жалпы эле жашоодо колдоно аласыздар деген ишеничтемин".

Максат Мамытканов студенттерге ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бажы кызматташтыгынын алкагында ишке ашыруу мүмкүн болгон кызыктуу идеяларды жана долбоордук демилгелерди ойлоп көрүүнү сунуш кылды. "Биз мыкты ойлонулган, ишенимдүү жана ачык бажылык жөнгө салуу тутумун түзүүгө аракет кылабыз. Биз жаңы кызматкерлерден өзүнүн ишинде алдыңкы технологияларды пайдаланышын күтөбүз", – деди ЕЭК министри.

Максат Мамытканов студенттердин суроолоруна жооп берди. Диалог андан аркы кызматташтык жана интеграция жана ЕАЭБди өнүктүрүү стратегиясы темалары боюнча ар түрдүү агартуу иш-чараларын уюштуруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө келишкендик менен аяктады.