Евразиялык "бешилтик" өлкөлөрүнүн энергетика министрлери энергоресурстардын жалпы рынокторун түзүүнү талкуулашты

ЕЭФ-2026 алкагында өткөн Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин энергетика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин кеңешинин жыйынында, Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошевдин төрагалыгы астында тармактык министрликтердин жетекчилери ЕАЭБдин жалпы электр энергетикалык рыногун жана жалпы газ рыногун түзүү келечегин талкуулашты.


Энергетика министрлери газ чөйрөсүндө мүчө мамлекеттердин ортосунда калыптанган мамилелерди этап-этабы менен өнүктүрүү мүчө мамлекеттердин экономикаларынын туруктуу өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүүнүн натыйжалуу жана маанилүү каражаты болуп санала турганын белгилешти.

Арзыбек Кожошев баса белгилегендей: "2025-жылдын 1-январынан тартып ЕАЭБдин жалпы газ рыногу ишке киргизилди. Үстүбүздөгү жылы мүчө мамлекеттердин башчыларынын деңгээлинде мүчө мамлекеттердин ички газ рынокторунун керектөөлөрүн жана өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен газды колдонууну кеңейтүүгө, ошондой эле илимий-техникалык потенциалды, анын ичинде жасалма интеллектти өнүктүрүүгө багытталган Бирликтин жалпы газ рыногун 2030-жылга чейин өнүктүрүү планын бекитүү пландаштырылууда.

Тараптар ЕАЭБдин ченемдик укуктук базасында Бирликтин жалпы газ рыногунун иштешине карата стратегиялык ыкмаларды аныктоо боюнча ишти улантууну ниеттенишүүдө.

Ошондой эле евразиялык "бешилтик" өлкөлөрүнүн энергетика ведомстволорунун жетекчилери Бирликтин жалпы электр энергетикалык рыногун ишке киргизүүгө даярдык көрүү маселесин карап чыгышты. Жетекчилер кеңеши өткөөл мезгилде электр энергиясын жеткирүүнү пландаштыруу маселесин эксперттик деңгээлде иштеп чыгууну тапшырды.

Жетекчилер кеңешинин кезектеги жыйынын ушул жылдын сентябрь айында Россия Федерациясынын Энергетика министрлигинин аянтчасында өткөрүү чечими кабыл алынды.