Жаңылыктар

12.05.2022 (Обновлено: 18.05.2022 16:14)

2022-жылдын январь-мартында ЕАЭБде айыл чарба продукциясын өндүрүү 1,6%га өскөн

2022-жылдын январь-мартында Евразия экономикалык бирлигинде айыл чарба продукциясын өндүрүү өткөн жылдын ушундай эле мезгил аралыгына салыштырмалуу 1,6%га өскөн. Өсүш Кыргызстанда – 2,3%га, Россияда – 1,9%га жана Казакстанда – 1,8%га байкалган. 

Атап айтканда, мал чарба продукциясынын негизги түрлөрүн өндүрүү өскөн: союу үчүн малды жана канаттууларды өндүрүү (тирүү салмакта) – 4,3%га, сүт – 1,5%га, жумуртка – 3,2%га өскөн.

 Союу үчүн малды жана канаттууларды өндүрүү көлөмдөрү боюнча Россия (+ 5,5%) жана Кыргызстан (+ 2,8%) алдыга чыкты. Сүт өндүрүү, Армениядан сырткары, ЕАЭБдин бардык мамлекеттеринде өскөн. Ошол эле мезгилде ал жумуртка өндүрүүдөгү максималдуу өсүш менен айырмаланган – 14,7%га. Казакстанда бул көрсөткүч 12,8%га өскөн.

Толугураак статистикалык маалыматты бул жерден алууга болот.