Арзыбек Кожошев: "Бүгүнкү күндө транспорт жумушка, билимге, социалдык жашоого жеткиликтин негизги шарты болуп саналат"

Евразиянын туруктуу өнүгүүсүн камсыздоого транспорт чөйрөсүндөгү интеграциянын таасири "Чоң Евразия аймагындагы туруктуу транспорт: мобилдүүлүк, мультимодалдуулук жана санариптештирүү" сессиясынын башкы темасы болду. Иш-чара Минскте IV Евразия экономикалык форумунун аянтчасында өттү.

"Транспорт жана инфраструктура калктын бардык катмары, анын ичинде алыскы райондордун жашоочулары үчүн адилеттүү баа түзүү менен жеткиликтүү болушу керек", – деп белгиледи Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев.

Чыгып сүйлөөлөрдүн жүрүшүндө санариптик технологияларды, инфраструктураны, эл аралык транспорттук коридорлорду, контейнердик жана мультимодалдык ташууларды өнүктүрүү деталдуу каралды. Энергонатыйжалуулукту жогорулатуу, айлана-чөйрөнүн булганышын азайтуу, транспорттогу ашыкча жүктөм маселелери талкууланды.

ЕЭК министри белгилегендей, "ЕАЭБ туруктуу транспорт принциптерин ишке ашырууга карай ырааттуу жана динамикалуу жылууда. Бирликтин транзитин пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга, интеллектуалдык транспорттук тутумдарды өнүктүрүүгө, инфраструктураны модернизациялоого көңүл бурулган".
Дискуссиялык аянтча мамлекеттик органдардын, бизнес-коомдоштуктун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн бириктирди. Сессиянын спикерлери Армения Республикасынын Аймактык башкаруу жана инфраструктура министрлигинин, Беларусь Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин, Казакстан Республикасынын Транспорт министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин, Россия Федерациясынын Транспорт министрлигинин жана КМШнын катышуучу мамлекеттеринин Координациялык транспорттук кеңешмесинин аткаруу комитетинин жетекчилери, Ирандын өкүлдөрү болушту.