29-майда Астанада V Евразиялык экономикалык форумдун алкагында болуп өткөн "Евразиялык экономикалык интеграция: чакырыктар жана келечектер" тематикалык сессиясынын катышуучулары евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн негизги маселелерин талкуулашты.
Талкууга Евразия экономикалык комиссиясынын өкүлдөрү, экономика министрликтеринин, өнүктүрүү институттарынын жетекчилери, Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн илимий эксперттери катышышты.
Талкуунун катышуучулары экономиканын трансформацияланышынын глобалдык процесстерин жана мүчө мамлекеттер, ошондой эле жалпысынан Бирлик үчүн аны коштогон чакырыктарды белгилешти. Алардын ичинде – дүйнөлүк соода эрежелеринин өзгөрүшү, глобалдык жеткирүү чынжырларынын кайра курулушу, чийки затка жана азык-түлүккө баалардын өсүшү, санариптештирүү, роботтоштуруу жана жасалма интеллектти киргизүү менен байланышкан технологиялардын интенсивдүү өнүгүшү. Спикерлер жаңы реалдуулукта ЕАЭБдин экономикалык потенциалына өзгөчө көңүл бурушту.
Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча министри Данияр Иманалиев Бирликтин иштешинин маанилүү жыйынтыктары, узак мөөнөттүү келечекке евразиялык күн тартибинин негизги багыттары жана дүйнөлүк экономиканын глобалдык өзгөрүүлөрүнүн шарттарында мүчө мамлекеттер үчүн мүмкүнчүлүктөр жөнүндө айтып берди.
ЕЭК министри Евразия экономикалык бирлиги тышкы чакырыктарга натыйжалуу жооп берүүгө, өз ара сооданын туруктуулугун камсыз кылууга жана мүчө мамлекеттердин ортосундагы кооперациялык байланыштарды чыңдоого жөндөмдүүлүгүн далилдегенин баса белгиледи.
Ал ошондой эле санариптештирүү, жасалма интеллект жана роботтоштуруу өнүгүп жаткан шарттарда ЕАЭБ өлкөлөрү бул багыттар боюнча ишти күчөтүшү зарыл экендигин белгиледи."ЕАЭБ биздин мамлекеттердин, бизнестин жана жарандардын алдында турган негизги милдеттерди чечүүнүн натыйжалуу механизми катары калыптанды. Биз өз ара соода агымдарынын интенсивдүүлүгүн сактап калдык, өнөр жай кооперациясын каржылоо механизмин ишке киргиздик жана жалпы рынокту чыңдадык. Бүгүн Бирлик – эл аралык аренадагы экономикалык тартылуу уюлдарынын бири, – деп билдирди Данияр Иманалиев.
Данияр Иманалиев мүчө мамлекеттердин мындан аркы жемиштүү өз ара аракеттенүүсүнө ишенимин билдирди жана ЕАЭБ мейкиндигиндеги интеграциялык процесстерди өнүктүрүүгө эксперттик жана илимий коомчулуктун жигердүү катышуусунун маанилүүлүгүн белгиледи."Биздин жалпы милдетибиз – Бирликтин алкагында технологиялык өнүгүүнү тездетүү. Бул үчүн бардык зарыл инструменттер жана потенциал бар", – деп баса белгиледи ЕЭК министри.