28-майда "Транспорт жана логистика чөйрөсүндөгү санариптик чечимдер" тематикалык сессиянын катышуучулары транспорт жана логистика чөйрөсүндө жасалма интеллектти жана санариптик технологияларды өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Иш-чара Астанада V Евразия экономикалык форумунун аянтчасында өттү.
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн транспорт министрлеринин орун басарлары, БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын аткаруучу катчысынын орун басары Дмитрий Марьясин жана Евразия өнүктүрүү банкынын улук башкаруучу директору Алексей Скатин сессиянын спикерлери катары чыгып сүйлөштү."Евразия экономикалык бирлигинин транспорт тармагы дүйнөлүк экономиканын ыкчам трансформациялануу доорунда өнүгүүдө. Бүгүнкү күндө биз теориядан санариптик чечимдерди практикалык ишке ашырууга, пилоттук долбоорлордон — кагазсыз технологияларды толук масштабдуу киргизүүгө, айрым интеллектуалдык чечимдерден — санариптик экотутумдарды түзүүгө өтүп жатабыз", — деп белгиледи ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев.
Катышуучулар жасалма интеллектти жана санариптик технологияларды колдонуунун актуалдуу кейстери, интеллектуалдык транспорттук тутумдарды жана пилотсуз транспортту өнүктүрүүнүн келечеги, транспортто жасалма интеллектти киргизүүнүн технологиялык чакырыктары жана аны укуктук жөнгө салуу маселелери боюнча пикир алмашышты.
Атап айтканда, эл аралык автоунаа ташууларын жүзөгө ашырууда e-CMR электрондук жүк коштомо кагазын чек аралар аралык электрондук алмашуу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруунун алдын ала жыйынтыктары чыгарылды. ЕАЭБде 2026-жылдын ичинде e-CMRди колдонуу менен эл аралык ташууларды түздөн-түз жүзөгө ашыруу пландаштырылууда.
Талкуунун жүрүшүндө дал ушул санариптик технологиялар чачыранды маалыматтардан ЕАЭБдин бирдиктүү маалыматтык мейкиндигине сапаттык секирик жасоого мүмкүндүк берери баса белгиленди. Алсак, Арзыбек Кожошев санариптештирүү жана жасалма интеллектти киргизүү транспорт тармагынын негизги көрсөткүчтөрүнүн 20-30%га өсүшүн камсыз кыла аларын белгиледи.
Жыйынтыгында ЕЭК министри көтөрүлгөн сунуштар жана демилгелер 2027–2029-жылдарга координацияланган (макулдашылган) транспорт саясатынын Негизги багыттарын ишке ашыруу боюнча жол картасынын долбоорун даярдоонун алкагында иштелип чыгарын белгиледи.