Жаңылыктар

29.03.2023 (Обновлено: 30.03.2023 18:22)

ЕЭК аянтчасында ЕАЭБдин курулуш секторунун керектөөлөрүн эске алуу менен микроэлектрондук жана химиялык өнөр жайды өнүктүрүү маселелери каралат

Мындай демилгени Евразия экономикалык комиссиясынын Өнөр жай саясаты департаментинин директорунун орун басары Николай Рогожник курулуш жана коммуналдык чарба маселелерине арналган MosBuild 28-эл аралык көргөзмөнүн алкагында бизнес менен болгон жолугушууда көтөрдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө өнөр жай блогунун делегациясы улуттук өндүрүүчүлөрдүн коммуналдык чарбаны башкаруунун интеллектуалдык тутумдары, жасалгалоо жана курулуш материалдары жаатындагы мүмкүнчүлүктөрү менен таанышышты, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигинин алкагында кооперациялык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды. Кооперациянын эң келечектүү багыттарынын катарында микроэлектроника, кабелдик-өткөргүчтүк өндүрүш, энергетикалык машина куруу жана химиялык өндүрүш сыяктуу чөйрөлөр белгиленди.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бизнес өкүлдөрү менен алдын ала макулдашуулардын алкагында Николай Рогожник бизнес үчүн актуалдуу маселелердин тизмесин түзүүнү жана аларды ЕЭКтин аянтчасында Бирликтин ыйгарым укуктуу органдарын жана бизнесин тартуу менен профилдик эксперттик топтордун алкагында талкуулоону сунуштады.

Мындан тышкары, Түркия, Малайзия жана Кытайдан келген өндүрүш компанияларынын менеджерлери менен ЕЭК делегациясы эл аралык кооперациялык кызматташтыкты өнүктүрүү жана ЕАЭБдин өнөр жай секторуна инвестицияларды тартуу темасы боюнча консультацияларды өткөрүштү.