Евразия экономикалык комиссиясынын Техникалык жөнгө салуу жана аккредитация департаментинин директорунун орун басары Чынара Мамбеталиева Москвада өткөн "Жөнгө салуу практикасы жана дары каражаттарын каттоо – РегЛек-2024" илимий-практикалык конференциясында ушул рыноктун алкагында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн дары-дармектеринин жалпы рыногуна жана өз ара аракеттенүү инструменттерине өтүүнү камсыз кылуу үчүн Евразия экономикалык бирлигинин укугун өркүндөтүү жөнүндө айтып берди.
Конференциянын пленардык отурумунда Чинара Мамбеталиева белгилегендей, 2024-жылдын декабрь айында Дары-дармек каражаттарын жүгүртүүнү жөнгө салуунун бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө макулдашууга кол коюлганына 10 жыл болот.
Акыркы эки жылда ЕАЭБдин каттоо эрежелерине ылайык арыздардын жана каттоо күбөлүктөрүн берүүнүн саны өскөнү байкалууда. Фармацевтикалык инспекцияларды жүргүзүү жана GMP-сертификаттарарын берүү иштери да жакшы темпте жүрүп жатат.
Бул жылы каттоо эрежелери жөнөкөйлөштүрүлдү, анын ичинде файлга өзгөртүүлөрдү киргизүү процедурасынын аткарылышы оптималдаштырылды. Кабарлоо түрүндөгү өзгөртүүлөрдү киргизүүдө экспертизаларды аткаруу зарылчылыгы жокко чыгарылган.
Азыр ЕАЭБдин эрежелерине ылайык келтирүү жол-жобосун баштаган өндүрүүчүлөр 2025-жылдын 31-декабрына чейин кошумча үч жыл ала тургандыгы каралган долбоор иштелип чыгууда, анын ичинде алардын дары-дармек препараттарын улуттук каттоо күбөлүктөрү боюнча рынокто жүгүртүүгө болот.
. Бул Бирлик өлкөлөрүнүн жол-жоболор аяктай элек рынокторунда дары-дармектерди жүгүртүү мүмкүнчүлүгүн сактап калуу менен рыноктун бирликтик сегментке өтүүнү аяктоого мүмкүндүк берет.
ЕАЭБ мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдарынын өз ара жана фармацевтикалык бизнестин өкүлдөрү менен өз ара иштешүүсүнүн механизмдеринин жана инструменттеринин маанилүүлүгү баса белгиленди. Алардын жардамы менен дары-дармектердин жалпы рыногунун иштеши камсыздалуучу жана практикада бир түрдүү колдонуу ишке ашырылуучу маалыматтык ресурстар сунушталды.
2024-жылы Комиссиянын аянтчасында дары каражаттарынын жалпы рыногун жөнгө салуу чөйрөсүндөгү актыларды актуалдаштыруу жана өркүндөтүү боюнча чоң иштер жүргүзүлгөндүгү белгиленди.