29-майда Астанада өткөн Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) жыйынында Евразия экономикалык бирлигинин мамлекет башчыларына мүчө мамлекеттердин 2025-жылдагы табигый монополиялардын субъекттеринин ишмердүүлүгүн жөнгө салуу бөлүгүндөгү иш-чаралары жөнүндө жылдык серептөө баяндамасы сунушталды.
Баяндамада ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бул багыттагы мыйзам чыгаруу иши, алардын жөнгө салуу тажрыйбасы, ошондой эле интеграцияны тереңдетүү боюнча биргелешкен пландары чагылдырылган.
Документте мүчө мамлекеттердин мыйзамдарынын табигый монополияларды жөнгө салуу бөлүгүндө ЕАЭБ жөнүндө келишимде белгиленген принциптерге жана эрежелерге шайкештигин аныктоо максатында Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан жүргүзүлүп жаткан мониторингдин аралык жыйынтыктары келтирилген. Ошондой эле бул чөйрөдөгү экологиялык аспекттер жана энергия натыйжалуулугу менен байланышкан милдеттерди чечүү практикасына өзгөчө көңүл бурулган.
Аткарылган иштин корутундулары жана натыйжалары аталган чөйрөдө Бирлик өлкөлөрүнүн андан аркы интеграциясы үчүн багыт болуп кызмат кылат.
Комиссия Бирлик мамлекеттеринин жөнгө салуучу органдары менен биргеликте жыл сайын баяндама даярдап, аны өзүнүн расмий сайтына жайгаштырат. Маалымат (баяндама) Табигый монополиялардын субъекттеринин ишин жөнгө салуунун бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө протоколдун (ЕАЭБ жөнүндө келишимге № 20 тиркеме) 20-пунктунун 5-пунктчасына ылайык даярдалат.