9-октябрда Евразия экономикалык комиссиясынын Агроөнөр жай саясаты департаментинин директору Наира Карапетяндын төрагалыгы астында Москвада өткөн "Алтын күз – 2025" россиялык агроөнөр жай көргөзмөсүнүн ишкер программасынын алкагында Евразия экономикалык бирлигинде асыл тукум мал чарбачылыгы боюнча координациялык кеңешме болуп өттү.
Асыл тукум ресурстары рыногун өнүктүрүү боюнча пландар, асыл тукум ишинин тутумун түзүүнүн механизмдери жана инструменттери, ЕАЭБ алкагында асыл тукум мал чарбачылыгында санариптештирүүнү өнүктүрүү талкуунун негизги темалары болду.
Наира Карапетян агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү үчүн милдеттүү шарт катары асыл тукум мал чарбасынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү жөнүндө айтып берди.
ЕЭКтин Агроөнөр жай саясаты департаментинин директорунун орун басары Сауле Молдабаева "Инновациялар – практикага: азыркы этапта жашыл продукция сегменти кандай өнүгүп жатат" панелдик дискуссиясынын жүрүшүндө иш-чаранын катышуучуларын жашыл технологияларды колдонуу жана Бирликтин АӨК органикалык продукциясын жүгүртүү боюнча укугун түзүү чөйрөсүндөгү тажрыйбасы жөнүндө маалымдады."ЕАЭБ алкагында айыл чарба жаныбарларынын асыл тукум продукциясын жүгүртүүгө чыгарууга, алып келүүгө, алып чыгууга жана жылдырууга карата талаптарды унификациялоо боюнча мындан аркы кадамдар, асыл тукум ресурстары жөнүндө жалпы маалымат базаларын жана жеткирүүнүн туруктуу схемаларын түзүү менен катар, Бирлик мамлекеттеринде асыл тукум продукциялары менен өз ара соода жүргүзүүнү арттыруу жана мал чарбачылыгын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет", – деп белгиледи Наира Карапетян.
Кеңешмеге ЕАЭБ өлкөлөрүнүн башкаруу органдарынын, мүчө мамлекеттердин асыл тукум мал чарбачылыгы жаатындагы ыйгарым укуктуу уюмдарынын, илимий-изилдөө уюмдарынын, лабораторияларынын жана асыл тукум мал чарбасынын башка субъекттеринин жетекчилери жана өкүлдөрү катышышты.