1998-жылы Белорус мамлекеттик экономикалык университетин (БМЭУ), 2015-жылы – Беларусь Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясын бүтүргөн.
БМЭУда окууну аяктагандан кийин Минск шаарынын Ленин райондук администрациясынын экономика башкармалыгында иштеген.
2002-2004-жылдары – Минск шаардык аткаруу комитетинин Экономика комитетинин жетектөөчү адиси.
2004-жылдан 2011-жылга чейин Беларусь Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча министрлигинин Минск боюнча инспекциясында ар кандай кызматтарда иштеген: улук, башкы мамлекеттик салык инспектору, бөлүм башчысынын орун басары болуп.
2011-жылдан 2014-жылга чейин – Минск шаардык Аткаруу комитетинин Экономика комитетинин экономикалык талдоо жана болжолдоо башкармалыгынын башчысы.
2014-жылдан тартып Беларусь Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде иштеген, ал жерде 2019-жылга чейин экономика жана каржы башкы башкармалыгынын башчысы кызматын ээлеген.
2019-жылдын апрелинен тартып – Беларусь Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары.
2025-жылдын 27-октябрынан тарта Евразия экономикалык комиссиясынын Транспорт жана инфраструктура департаментинин директорунун орун басары болуп дайындалды.