Николай Кушнарев каржылык колдоо механизмин тааныштырды

Евразия экономикалык комиссиясынын Өнөр жай саясаты департаментинин директору Николай Кушнарев "ВЭБ.РФ" мамлекеттик өнүктүрүү корпорациясынын аянтчасында россиялык ишканалардын жана каржылык уюмдардын өкүлдөрү үчүн Евразия экономикалык бирлигинин алкагында өнөр жай кооперациялык долбоорлоруна каржылык колдоо көрсөтүү механизминин бет ачарын өткөрдү.

"ЕЭК бизнес жана каржы түзүмдөрү үчүн өнөр жай кооперациясына каржылык көмөк көрсөтүү механизми боюнча түшүндүрүү ишин улантууда, – деп белгиледи Николай Кушнарев. – Аталган механизмди федералдык преференциялар менен айкалыштыруу өнөр жайдагы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтет жана Бирлик өлкөлөрүндө кооперацияны өбөлгөлөйт".


Иш-чаранын алкагында өнөр жай ишканаларынын өнүктүрүү институттары менен өз ара аракеттенүүсү жана өндүрүштүк чынжырчалардын натыйжалуулугун жогорулатуу талкууланды.

Бет ачарга ВЭБ.РФ төрагасынын орун басары Даниил Алгульян, Россия Федерациясынын аткаруу бийлик органдарынын, компаниялардын, кредиттик уюмдардын жана өнүктүрүү институттарынын өкүлдөрү катышышты.

 



Скачать исходники фотографий