Жаңылыктар

17.06.2022 (Обновлено: 04.07.2022 14:16)

ЕАЭБдеги интеграциянын жаңы сапаты – мааракелүү Петербург эл аралык экономикалык форумунун негизги темаларынын бири

Петербург эл аралык экономикалык форумунун ишкердик программасынын алкагында өткөрүлгөн Евразия экономикалык комиссиясынын "ЕАЭБ – интеграциянын жаңы сапаты" деп аталган негизги сессиясынын жүрүшүндө евразиялык интеграциянын ролу жана перспективалары талкууланды.

Талкуунун катышуучулары Евразия аралык корпорацияларды түзүү жолдоруна, социалдык прогресске жетишүүдө евразиялык интеграциянын ролуна, Евразия экономикалык бирлигинин глобалдык экономикалык мамилелердин жаңы тутумундагы образына басым жасашты.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович ЕАЭБ калыптанды жана муну сандар далилдеп турат деп баса белгиледи. 

"Өткөн жылда биздин өлкөлөрүбүздүн экономикалары 4,6%га өскөн. Өз ара соода активдүү өнүгүп, кооперациялык жеткирүүлөр дээрлик үч эсе көбөйдү", – деди Михаил Мясникович.

Анын айтуусу боюнча, Бирликтин өнүгүүсүнүн маанилүү багыты – бул индустриалдык өсүш. 

"Биз интеграциялык долбоорлор бизнес үчүн пайдалуу болгондой шарттарды түзүшүбүз зарыл. Биз Индустриалдаштыруу картасына тандап алган 170 долбоорго азырынча ишкердик коомдоштуктардын жетиштүү кызыгуусун сезген жокпуз, – деп белгиледи ЕЭК Коллегиясынын башчысы. – Биз учурда иштеп чыгып жаткан мотивациялоо механизмдери мындай жагдайды оңдоого жардам берет".

ЕАЭБдин эл аралык вектору жөнүндө айтып жатып, Михаил Мясникович пандемияга жана санкциялык басымга карабастан, акыркы эки жылдын ичинде Бирликте эки байкоочу мамлекет пайда болгондугун эске салып өттү – Өзбекстан жана Куба. Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгы жана Бириккен Араб Эмираттары менен өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдар түзүлдү. Майдын аягында Индонезия менен эркин соода аймагы жөнүндө сүйлөшүүлөрдү баштоо жөнүндө чечим кабыл алынды. Египет, Индия жана Иран менен мындай сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары, ЕЭК Кеңешинин мүчөсү Алексей Оверчук учурда Чоң Евразия өнөктөштүгүнүн мейкиндигинде экономикалык, соода, транспорттук жана каржы байланыштарын түзүү жана күчөтүү үчүн жаңы шарттар пайда болууда деп белгиледи. 

"Бул мейкиндиктин бардык өлкөлөрү жаңы каржы тутумун түзүү зарылчылыгы жөнүндө айтып жатышат. Буга чейин болуп жана иштеп келген эски тутумга эми ишеним жок болуп, өзүбүздүн тутумубузду түзүү зарыл. Биз мунун үстүнөн иштөөдөбүз", – деди Алексей Оверчук.

Анын айтуусу боюнча, ЕАЭБ улуттук валюталарда эсеп-кысаптар боюнча жакшы натыйжаларды көрсөтүүдө – дээрлик 75%. Бирок ага карабастан, көзгө көрүнбөгөн резервдик валюта бар. Учурда улуттук валюталардын ортосунда тике жуптарды түзүү боюнча иш жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары ЕАЭБдин күн тартибине маданий-гуманитардык бөлүктү кошуу зарылчылыгын белгиледи. 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки стратегиялык багыттарын толук баалуу жана өз убагында ишке ашыруу интеграциянын өнүгүшүнө жана мүчө мамлекеттердин экономикалык өнүгүү деңгээлдеринин жакындашына өбөлгө түзөт, ал эми бул Бирликтин эл аралык аренадагы беделин бекемдөөгө мүмкүндүк берет деген ишеничин билдирди.

"Бүгүн биз экономикалык өз ара аракеттенүү маселелери менен гана чектелип кала албайбыз. Биздин өлкөлөрдүн экономикасына түздөн-түз таасир берген социалдык күн тартибин кеңейтүү зарыл", – деп баса белгиледи Акылбек Жапаров.

"Жогорку экономика мектеби" Улуттук изилдөө университетинин ректору Никита Анисимовдун айтуусу боюнча, ЕАЭБде социалдык-гуманитардык жана илимий-техникалык кызматташтыкка өзгөчө көңүл бөлүү зарыл.

"Билим берүүдө биз тармактык билим берүү форматтарын, билим берүү, адистердин квалификациясын тастыктоо, илимий даражаларды жана билимин таануу программаларын салыштыруу мүмкүнчүлүгүн түзүүнүн үстүнөн иштөөдөбүз", – деп Никита Анисимов эске салып өттү.

Анын айтуусу боюнча, билим берүү жана илим жаатындагы мыйзамдарды шайкеш келтирүү абдан маанилүү. Бишкекте Евразия экономикалык форумунун аянтчасында кол коюлган Тармактык университетти түзүү жөнүндө макулдашуу аталган кызматташтык үчүн бекем пайдубалды түзөт. Аны БРИКС, ШКУ жана АСЕАН өлкөлөрүнүн тармактык университеттери менен байланыштырууну камсыз кылуу зарыл.

"Болонья тутуму жөнүндө дискуссиянын активдештирилишинин фонунда биз өзүбүздүн Евразия билим берүү тутумубузду түзүү жөнүндө ойлонушубуз зарыл. Биз ЕАЭБ мейкиндигинде мындай тутумду сунуш кылышыбыз к",ерек – деп ишенет Анисимов.

Россия өнөр жайчылар жана ишкерлер бирлигинин вице-президенти, башкаруу бюросунун мүчөсү Дмитрий Пумпянский ЕАЭБ мейкиндигинде сооданын өнүгүшүнүн негизи болгон бирдиктүү техникалык жөнгө салуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

"Бизнестин тажрыйбасы экономикалык интеграциянын ийгилиги көбүнчө дал техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү, аккредиттөө тутумундагы ж.б. жакындоо ылдамдыгына жараша болорун көрсөтүп турат, – деди Дмитрий Пумпянский. – ЕАЭБде көп иш жасалды. Техникалык жөнгө салуунун бирдиктүү тутумунун долбоорунун аны ишке ашыруунун ылдамдыгы боюнча эл аралык тажрыйбада аналогдору дээрлик жок. Он жылдын ичинде 51 техникалык регламент кабыл алынды. Бүткүл техникалык жөнгө салуу тутуму өлкөлөрдөн ЕАЭБ деңгээлине өттү. Тогуз техникалык регламентти гана кабыл алуу калды, муну жакынкы бир-эки жылдын ичинде жасоого болот деген үмүттөбүз".

"Кесиптик чебердикти өнүктүрүү агенттиги (Ворлдскиллс Россия)" АКэУнун башкы директору Роберт Уразов ЕАЭБдин жана Евразиянын рыноктору бири-бири менен байланышкан деп белгиледи. Бул рыноктордун натыйжалуулугун стандартташтырууну күчөтүүнүн эсебинен жогорулатуу мүмкүн. Бир жагынан, жумушчуларга талаптарды, компаниялар үчүн багыттамаларды, билим берүү тутумдарын түзүү, ал эми экинчи жагынан – өндүрүш каражаттарын даярдоочу компанияларды тартуу зарыл.

"Бул өзүнүн технологияларын жана жумуш орундарын илгерилеткен компаниялардын ишмердиги үчүн чоң мүмкүнчүлүк. Учурда технологиялар, жумуш орундарынын прообраздары менен экономикалык атаандаштык тартибинде алмашууга мүмкүндүк берген тутум азырынча жок, бирок муну жасоого болот. Биз азыр айтып жаткан альянс колу менен бир нерсе жасай ала турган адамдар гана эмес, өндүрүштөрдү уюштура алган адамдар менен да толтурулушу зарыл. Муну биргелешип жасоо керек", – деп корутундулады спикер.
Россия Тышкы иштер министрлигинин МЭММИнин Эл аралык изилдөөлөр институтунун Евроазия изилдөөлөр борборунун директору Иван Сафранчуктун пикири боюнча, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жана башка КМШ мамлекеттеринин ички соода потенциалы толугу менен ишке ашырылган эмес. Анын айтуусу боюнча, эгер азыр активдүү өнөр жай саясаты жүргүзүлүп, импортту алмаштыруу, технологиялык суверенитет күчөтүлсө, жаңы кооперациялык байланыштар жана b-2-b сооданын өнүгүшү үчүн мүмкүнчүлүктөр пайда болот.
Россия Федерациясынын экономикалык өнүгүү министринин орун басары Дмитрий Вольвач учурдагы тышкы басым шарттары ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өнүгүүсүндө интеграциянын ролун жана ордун башкача көз караш менен баалоого аргасыз кылууда деген пикирин билдирди. Дал биргелешкен өнүгүү – жалгыз жана туура жол.

ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика министри Сергей Глазьев Евразия экономикалык мейкиндиги универсалдуу укуктук базада иштеп жаткандыгын белгиледи. Жаңы баскычта Бирликтин социалдык-экономикалык мейкиндигинин байланыштуулугун күчөтүү зарыл. 

"Евразия тармактык университети – жакшы идея жана ал өкмөттөрдүн колдоосуна муктаж. Байланыштуулукту жогорулатуу боюнча дагы бир идея – ЕАЭБдин Стратегиялык демилгелер агенттигин түзүү. Эң негизги приоритет – бирдиктүү илимий-техникалык мейкиндикти түзүү. Байланыштуулук – бул кооперациянын да өнүгүшү, ал үчүн жаңы каржылык-экономикалык мейкиндик түзүү зарыл", – деп ЕЭК министри баса белгиледи.

Иш-чаранын модератору Бүткүл Россиялык мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын (ВГТРК) теле алып баруучусу Татьяна Ремезова болду.