Жаңылыктар

06.05.2022 (Обновлено: 17.05.2022 10:53)

Ереванда өткөрүлгөн форумда ЕАЭБдин бизнеси үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр талкууланды

Евразия экономикалык комиссиясы ЕАЭБ мамлекеттери менен биргеликте өндүрүштүк кооперацияны өнүктүрүү жана реалдуу сектордо биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн максималдуу жагымдуу шарттарды түзүүдө. Бул тууралуу ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Артак Камалян Ереванда Россия инвестициялык агенттигинин жана "Сколково" фондунун колдоосу менен уюштурулган "Евразия экономикалык бирлигинин экономикасындагы тренддер – IT-бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр. Кооперация аркылуу жергиликтештирүү, тармакты колдоонун механизмдери жана аспаптары" деп аталган форумда билдирди.

Артак Камалян Бирликтин өлкөлөрү өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси тармактарында бир катар маанилүү милдеттерди ишке ашырууга жана белгилүү бир натыйжаларга жетише алгандыгын баса белгиледи. Макулдашылган өнөр жай саясатынын эң маанилүү жыйынтыктарынын бири – өнөр жай өндүрүшүнө илимий-техникалык өнүгүүнүн алдыңкы жетишкендиктерин киргизүү үчүн зарыл болгон он жети евразиялык технологиялык платформанын түзүлүшү. Учак курууда, фрмацевтика өнөр жайында, өндүрүштө жана экологиялык жактан таза транспортту колдонууда өнөр жай кооперациясын тереңдетүү боюнча бир катар тармактык пландар бекитилди. Аталган иштин алкагында агроөнөр жай комплексинде атаандаштыкка жөндөмдүү айыл чарба продукциясынын өндүрүш көлөмдөрүн оптималдаштыруу, жалпы агрардык рыноктун керектөөлөрүн канааттандыруу жана агро-азык-түлүк экспортун көбөйтүү үчүн Бирликтин мамлекеттеринин ресурстук потенциалын натыйжалуу пайдалануу боюнча биргелешкен чаралардын тутуму ишке ашырылууда.

Бирок, ЕЭК министринин айтуусу боюнча, интеграциядан максималдуу синергетикалык натыйжага жетишүү үчүн Бирликтин ишканалары, анын ичинде чакан жана орто бизнес кооперациялык чынжырларды түзүү жана жолго коюу боюнча ишке бир кыйла активдүүрөөк катышууга тийиш.

"Биз өнөр жай интеграциясынын өнүгүү жолунда бир олуттуу тоскоолдук бар экендигин көрүп турабыз – бул ЕАЭБ мамлекеттериндеги ишканалар жөнүндө, ошондой эле айрым товалардын болушу жана кызмат көрсөтүү боюнча мүмкүнчүлүктөр жөнүндө маалым болуу. Биз бул маселени чечтик: ЕЭКтин сайтында ЕАЭБдин Индустриалдаштыруу картасы жайгаштырылган жана мезгилдүү түрдө жаңыланып турат. Бул бизнестин, мүчө мамлекеттердин жана Кооперация жана импортту алмаштыруу боюнча комиссиянын иштөөсү үчүн тармактар аралык, өлкөлөр аралык маалыматтар базасы болуп саналат. Бул маалыматтык ресурс биздин өлкөлөрдүн өндүрүштүк потенциалын чагылдырат жана компанияларга өздөрүнүн ордуларын табууга жана кооперацияда катышууга көмөк көрсөтүү үчүн атайын түзүлгөн, – деди Артак Камалян. – Ошондой эле, биз "Евразия өнөр жай кооперациясы, субконтрактация жана технологиялар трансфери тармагы" санариптик долбоорун түзүүнүн үстүнөн иш алып баруудабыз, ал биздин өлкөлөрдүн чакан, орто жана ири бизнесин бирдиктүү тармакка бириктирүүгө тийиш. Жыйынтыктар боюнча өлкөлөр аралык маалыматтык база бир кыйла ири жеткирүүчүлөрдүн жана буюртма берүүчүлөрдүн технологиялык чынжырчаларына киргизилиши мүмкүн, ал эми бул чакан ишканаларга реалдуу жардам болуп саналат".
Ошондой эле, Артак Камалян Комиссия ЕАЭБ өлкөлөрүнүн Бирликтеги кооперациялык кызматташтыкка умтулган ишкердик коомдоштуктарынын өкүлдөрүнө өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин баса белгиледи.

Конференциянын алкагында Евразия экономикалык бирлигинин жана КМШ мейкиндигинде илимий-техникалык жамааттардын жана ар түрдүү чоңдуктагы өндүрүштүк компаниялардын өз ара аракеттенүүсүнүн жана кооперациясынын, туруктуу кызматташтыкты түзүүнүн, ЕАЭБдин агроөнөр жай секторун санариптештирүүнүн, өнүктүрүүнүн, санариптик процесстерди ченемдик жөнгө салуунун, санариптик кадрларды даярдоонун, агрардык тармакта маалыматтык технологиялардын колдонулушун кеңейтүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.

ЕЭКтин Протокол жана уюштуруучулук камсыздоо департаментинин маалыматтык камсыздоо бөлүмү