Жаңылыктар

13.09.2022 (Обновлено: 23.09.2022 11:19)

Контейнерлерге карата бажы алымынын нөлдүк коюму 2023-жылдын февралынын аягына чейин колдонулат

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы контейнерлердин айрым түрлөрүнө (ЕАЭБ ТЭИ ТНдин 8609 00 900 9 коду) карата алып келүү бажы алымынын нөлдүк коюмунун аракеттенүү мөөнөтүн 2023-жылдын 28-февралына чейин узартты.

 

"Кабыл алынган чечим батыш логистика компанияларынын бир бөлүгү ЕАЭБден кеткенден кийин контейнердик парктын кыскарышынын алдын алууга мүмкүндүк берет жана ички рыноктун жаңыруусуна жана тийиштүү товарлар менен каныгуусуна түрткү берет", – деп белгиледи ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнёв.

Ал азыркы учурда Бирликтин аймагында өндүрүлгөн контейнерлерди ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бизнеси толук көлөмдө сатып алып жаткандыгын, бирок керектөөлөр аягына чейин камсыз кылынбай жаткандыгын түшүндүрдү.

Комиссиясынын бир катар башка актыларына да тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилмекчи.


Маалымат

ЕАЭБ ТЭИ ТНдин 8609 00 900 9 субпозициячасында транспорттун бир же бир нече түрү менен ташуу үчүн атайын арналган жана жабдылган контейнерлер (анын ичинде суюктуктарды жана газдарды ташуу үчүн контейнерлер) классификацияланат; радиоактивдүү заттарды ташуу үчүн радиацияга каршы коргошун менен капталган контейнерлерден жана ички көлөмү 42 м3 - 43 м3 болгон контейнерлерден сырткары.

ЕАЭБ ББТнын контейнерлерге карата алып келүү бажы алымынын учурдагы коюму алардын бажы наркынын 10% түзөт. Комиссиянын Коллегиясынын 2022-жылдын 12-апрелиндеги № 63 чечимине ылайык, 2022-жылдын 28-мартынан 2022-жылдын 30-сентябрына чейин 0% өлчөмдөгү алым колдонулат.