2023-жылдын төртүнчү кварталында юридикалык жактар тарабынан улуттук валютада берилген насыялар өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу Арменияда — 14%га, Беларуста — 27%га, Казакстанда – 32%га, Кыргызстанда – 31%га жана Россияда — 25%га өскөн. Чет өлкөлүк валютада насыялоонун көлөмүнүн олуттуу өсүшү Казакстанда – 85%га жана Кыргызстанда – 2,1 эсеге өсүшү белгиленген.
2023-жылдын төртүнчү кварталынын аягында юридикалык жактардын улуттук валютадагы насыялар боюнча карызы өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу Беларуста – 41%га, Казакстанда – 24%га, Кыргызстанда – 18%га, Россияда — 25%га көбөйгөн. ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринде чет элдик валютада насыялар боюнча дагы юридикалык жактардын карыздарынын өсүшү белгиленген, буга Беларусь кирбейт (8%га төмөндөө).
2024-жылдын март айынын башында насыялоонун наркынын төмөндөшү Арменияда – 8,75% (-0,50 п.п.) жана Казакстанда — 14,75% (-1,00 п. п.) катталган. Беларустун, Кыргызстандын жана Россиянын улуттук (борбордук) банктары чендерди тиешелүү түрдө 9,50%, 13,00% жана 16,00% деңгээлинде сактап калышкан.
Статистикалык маалымат кененирээк ЕЭКтин Статистика департаментинин баракчасында “Каржы статистикасы” бөлүмүндө келтирилген.