Жаңылыктар

10.10.2024

Машиналардын жана жабдуулардын коопсуздугу жөнүндө техникалык регламенттин стандарттарынын тизмектери жаңыртылды

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Бажы бирлигинин "Машиналардын жана жабдуулардын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентине карата стандарттардын тизмегине түзөтүүлөрдү бекитти, алар аталган техрегламенттин өзгөртүүлөрүн ишке ашырууну камсыз кылат.

Кеп өзү жүрүүчү машиналардын кыймылдаткычтарын кубаттоо үчүн газ-мотор отунун колдонуу мүмкүнчүлүгүн белгилеген өзгөрүүлөр жөнүндө жүрүп жатат.

Стандарттардын тизмесине төрт мамлекеттер аралык стандарттар жана БУУнун эрежелери киргизилген, алар менен мотор отуну катары газды колдонгон машиналарга жана жабдууларга талаптар аныкталат.

Стандарттардын тизмесине киргизилген өзгөртүүлөр ушул жылдын 23-ноябрында техрегламентке киргизилген өзгөртүүлөр менен бирге күчүнө кирет жана отун катары газды пайдаланган өзү жүрүүчү машиналарды өндүрүүгө жана чыгарууга мүмкүндүк берет.

"Машиналардын жана жабдуулардын коопсуздугу жөнүндө" техрегламентине өзгөртүүлөр ЕЭК Кеңешинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 137 чечими менен киргизилген.