Жаңылыктар

18.01.2022 (Обновлено: 01.02.2022 17:45)

Машиналарга жана жабдууларга техрегламентке карата мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуу программасы жаңыланды

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы жаңы редакциядагы "Машиналардын жана жабдуулардын коопсуздугу жөнүндө" техрегламентке карата мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуу боюнча программаны бекитти.


Программада 142 мамлекеттер аралык стандарт иштеп чыгуу каралган, анын ичинен 21ин иштеп чыгуу Беларусь Республикасына тапшырылган (13ү 2023-жылга чейин жана 8и 2024-жылга чейин иштелип чыгарылышы керек). Казакстан Республикасы 53 стандартты иштеп чыгууну пландаштырат, анын ичинен 32си - 2024-жылга чейин жана 21и - 2025-жылга чейин иштелип чыгарылышы керек. Россия Федерациясы 68 стандартты иштеп чыгат, анын ичинен 5и 2024-жылга чейин, 43үн 2025-жылга чейин жана 20сын 2026-жылга чейин.

Мында 64 мамлекеттик стандарттар ISO эл аралык стандарттарынын негизинде, ал эми 73 – EN регионалдык стандарттарынын негизинде иштелип чыгат.

Программа Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин сунуштарына ылайык, ошондой эле 2013-жылы Комиссиянын Коллегиясы тарабынан бекитилген программанын колдонуудагы редакциясын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты эске алуу менен даярдалган.