Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы 24-июнда өткөн отурумда Бирликтин "Темир жол кыймылдуу курамынын коопсуздугу жөнүндө", "Жогорку ылдамдыктагы темир жол транспортунун коопсуздугу жөнүндө" жана "Темир жол транспортунун инфраструктурасынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламенттерине стандарттардын тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү жактырды.
Тизмелердин айрым жоболору такталды жана деталдаштырылды, редакциялык жана техникалык так эместиктер четтетилди. Бул бардык кызыкдар субъекттер: темир жол транспортун даярдоочулар, шайкештикти баалоо боюнча органдар жана ЕАЭБдин техрегламенттеринин талаптарына шайкештикти баалоо боюнча иштерди жүзөгө ашыруучу сыноо лабораториялары тарабынан темир жол чөйрөсүндө техрегламенттерди жүзөгө ашыруунун бир түрдүү практикасынын белгиленишине өбөлгө түзөт.
Кабыл алынган өзгөртүүлөр ЕЭК Коллегиясынын чечими расмий жарыяланган күндөн тартып 30 календардык күндөн кийин күчүнө кирет жана 2025-жылдын 15-январынан тартып келип чыккан укуктук мамилелерге жайылтылат.