Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши 26-январдагы отурумда колдонуу тажрыйбасын жана эл аралык тажрыйбадагы өзгөрүүлөрдү эске алуу менен Медициналык буюмдарга клиникалык жана клиникалык-лабораториялык сыноолорду (изилдөөлөрдү) жүргүзүү эрежелеринин жаңы редакциясын кабыл алды.
Эрежелердин жаңыланган редакциясында сыноолордун жыйынтыктарын кабыл алуу максаты үчүн медициналык буюмдардын эквиваленттүүлүгүн таануу шарттары, сыноолорду жүргүзүү үчүн уруксат алуу тартиби, сыноолорду жүргүзүүгө талаптар, медициналык буюмдарды каттоо максатында изилдөө жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу уюмдардын бирдиктүү реестринен медициналык уюмдарды (клиникалык борборлорду) чыгаруу үчүн негиздер, сыноолор отчетторунун формалары такталган. Медициналык буюм болуп саналган программалык камсыздоо үчүн клиникалык маалыматтарды алуу шарттары, ошондой эле мындай продукциянын техникалык файлына карата талаптар аныкталган.
Өзгөртүүлөр расмий түрдө жарыяланган күндөн тарта 180 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Ошол эле учурда эрежелердин жаңы редакциясын колдонууга жай өтүүнү камсыз кылган механизм белгиленген. Процесстин үзгүлтүксүздүгүн сактоо максатында, клиникалык жана клиникалык-лабораториялык сыноолорду медициналык уюм менен келишим түзүлгөн учурда колдонулган редакцияга ылайык жүргүзүү мүмкүнчүлүгү каралган. Медициналык уюм менен келишим түзүлгөн учурга карата колдонулган формалар боюнча берилген сыноолор жөнүндө отчеттор Бирликтин укугу боюнча медициналык буюмдарды каттоо үчүн кабыл алынат.