Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Бажы бирлигинин "Тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентине (ББ ТР 021/2011) изилдөөлөрдүн (сыноолордун) жана өлчөөлөрдүн ыкмаларына стандарттардын тизмесине өзгөртүүлөрдү бекитти.
Алар Комиссиянын Кеңеши тарабынан 2023-жылдын 23-июнунда кабыл алынган, жаныбарлардан алынган тамак-аш продукциясындагы ветеринардык дары-дармек каражаттарынын (фармакологиялык активдүү заттардын жана алардын метаболиттеринин) калдык санынын максималдуу жол берилген деңгээлин белгилөө бөлүгүндө ага киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алуу менен техрегламенттин талаптарын ишке ашыруунун алкагында даярдалган.
Тизмек эки жаңы түзүмдүк элемент менен толукталды, аларга 50 мамлекеттер аралык стандарттарды, Россия Федерациясынын үч улуттук стандарттарын, Казакстан Республикасынын үч улуттук стандарттарын жана 34 методиканы киргизүү каралган.
Ошондой эле тизмекке буга чейин колдонулуп жаткан түзүмдүк элементтер бөлүгүндө эки мамлекеттер аралык стандарт, Беларусь Республикасынын бир мамлекеттик стандарты жана Россия Федерациясынын беш методикалык көрсөтмөсү киргизилген. Мындан тышкары, тийиштүү мамлекеттер аралык стандарттын кабыл алынышына байланыштуу Россия Федерациясынын улуттук стандарты тизмеден чыгарылды.
Кабыл алынган өзгөртүүлөр 2024-жылдын 10-июлунан тартып күчүнө кирет. Бул дата ББ ТР 021/2011ге өзгөртүүлөрдүн күчүнө кирүү датасы менен өз ара байланышта (ал расмий жарыяланган күндөн тартып 12 ай өткөндөн кийин, жарыяланган датасы 2023-жылдын 10-июлу)