ЕАЭБ өлкөлөрүндө кызмат көрсөтүүлөрдүн жүгүртүүсү өстү

2023-жылы 2022-жылга салыштырмалуу Евразия экономикалык бирлигинин көпчүлүк мамлекеттеринде кызмат көрсөтүүлөрдүн эл аралык соодасынын өсүшү байкалды. Арменияда кызмат көрсөтүү соодасынын оң сальдосу 33,6%га көбөйгөн, Беларуста 32,7%га төмөндөгөн.

Көпчүлүк мүчө мамлекеттерде кызмат көрсөтүүлөрдүн экспортунун жана импортунун түзүмүндө эң көп үлүштөр транспорттук кызмат көрсөтүүлөргө (Казакстанда 49%га чейин) жана сапарларга (Кыргызстанда 56%га чейин) туура келген.

Кененирээк статистикалык маалымат Статистика департаментинин баракчасында "Тышкы сектордун статистикасы" бөлүмүндө көрсөтүлгөн.