Беларусь Республикасы 2025-жылдын 1-январынан тартып Евразия экономикалык бирлигинин органдарында төрагалыкты үчүнчү жолу кабыл алды.
Өткөн он жылдын ичинде биздин Бирлик тыгыз экономикалык интеграция идеясынын туруктуулугун, өзүнүн жашоого жөндөмдүүлүгүн жана натыйжалуулугун далилдей алды. Биргелешкен күч-аракеттер менен биз макроэкономикалык туруктуулуктун потенциалын арттырдык жана терс геосаясий факторлордун таасирин минималдаштырдык.
2025-жыл Евразия экономикалык бирлиги үчүн маанилүү жыл болот: евразиялык экономикалык интеграциясын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын ишке ашыруунун беш жылдыгы аяктайт жана жаңы этапты баштоо жана ЕАЭБ алкагында 2030-жылга чейин жана 2045-жылга чейинки мезгилде "Евразия экономикалык жолу" экономикалык процесстерин андан ары өнүктүрүү жөнүндө декларацияны турмушка ашыруу үчүн пайдубал түзүлөт. Буга байланыштуу Бирликтин мүчө мамлекеттеринин интеграциялык өз ара аракеттешүүсүн үзүрлүү бекемдөө максатында төмөнкү негизги артыкчылыктарды аныктоону сунуштайбыз, алар келерки жылы биздин жалпы көңүлүбүздүн борборунда болууга тийиш.
1. Биргелешкен күч-аракеттерди ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин технологиялык потенциалын өнүктүрүүгө, экономиканын бардык тармактарында кооперациялык өз ара аракеттенүүнүн жалпы мейкиндигин түзүүгө топтоо зарыл.
Бул максатта маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, жасалма интеллект, электр транспорту, микроэлектроника, робототехника жана жаңы материалдар чөйрөсүндө биргелешкен долбоорлорду жана программаларды ишке ашырууну күчөтүү керек. Бул багыттагы кызматташтык импортту алмаштыруучу жаңы өндүрүштөрдү түзүү, евразиялык бренд астында биргелешкен продукцияны чыгаруу максатында ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин ишканаларынын ортосунда өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүү үчүн ишенимдүү базаны камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
2. Бирликтин азык-түлүк коопсуздугун жогорулатуу үчүн күч-аракеттерди селекцияны жана үрөнчүлүктү өнүктүрүүгө, асыл тукум айыл чарба жаныбарларынын генетикалык потенциалын жогорулатууга топтоо сунушталат.
3. Бирдей (басмырлабаган) шарттарды кабыл алуу жана адилеттүү атаандаштыкты камсыз кылуу менен бирдиктүү транспорттук мейкиндикти калыптандырууну аяктоо керек, айрыкча биздин өлкөлөрдүн ортосунда аба ташууларын аткарууда. Үчүнчү өлкөлөргө жана алардан эл аралык автомобилдик жүк ташуулардын бардык түрлөрүнө уруксат берүү тутумун жокко чыгаруу боюнча ишти улантуу алдыда турат. Жүктөрдү тоскоолдуксуз жеткирүүнүн жаңы логистикалык чынжырчаларын түзүү жана иштеп жаткан чынжырчаларды өркүндөтүү, ЕАЭБ мүчө мамлекеттерин байланыштыруучу "тигишсиз" жана коопсуз эл аралык транспорттук коридорлорду өнүктүрүү өзгөчө маанилүү болуп саналат.
4. Ошондой эле чарбалык ишмердикти жүзөгө ашыруу шарттарын теңдештирүү, Бирликтин ички мейкиндигинде жалпы жана ачык атаандаштык чөйрөсүн түзүү боюнча мындан аркы максаттуу иштердин зарылдыгына көңүл бургум келет. Ошол эле учурда ЕАЭБдин жалпы энергетикалык рынокторун түзүүнүн натыйжалуу жыйынтыкталышы негизги мааниге ээ.
5. Учурдагы шарттарда ички рынокту коргоо боюнча иштер улантылышы керек. Мындай ишмердик ЕАЭБде чарба жүргүзүү шарттарын теңдөө үчүн бажы-тарифтик жөнгө салууну өркүндөтүүгө да, ошондой эле евразиялык рынокту кооптуу продукциядан толук кандуу коргоого багытталууга тийиш.
Алдыңкы дүйнөлүк практикага жана илимий далилдүү базага негизделген бирдиктүү техникалык талаптардын кабыл алынышын камсыздоо, улуттук стандарттарды шайкеш келтирүү жана мамлекеттер аралык стандарттарды колдонууга өтүү маанилүү.
Импорттук товарлардын ички рынокко жеткиликтүүлүгүнүн контролдонуучу шарттарын түзүү, товарлардын бажылык наркын аныктоодо тобокелдиктерди башкаруу тутумун натыйжалуу колдонууну улантуу зарыл.
Түзүлгөн экономикалык реалдуулукта Бирлик өлкөлөрүнүн маалыматтык, методологиялык жана технологиялык платформаларынын базасында ЕАЭБде негизги товарларга (мунай өнүмдөрү, айыл чарба продукциялары, токой продукциялары, курулуш материалдары жана башкалар) товардык рыноктордун индикаторлорунун өздүк биржа тутумун түзүү өз учурундагы долбоор болуп калышы мүмкүн. Биржалык сооданы андан ары өнүктүрүү жана товарларга атаандаштык бааларды түзүү үчүн өбөлгө керек.
6. Ошондой эле ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин санариптик трансформация жаатында өз ара иштешүүсүн активдештирүү талап кылынат.
Заманбап дүйнөдө санариптик технологиялардын өнүгүү деңгээли өлкөлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүндө аныктоочу ролду ойнойт. Учурдагы санариптик тоскоолдуктарды жоюу маанилүү милдеттердин бири болмокчу. Жүргүзүлгөн иштер мүчө мамлекеттердин экономикаларын жана ЕАЭБдин санариптик мейкиндигин өнүктүрүүдө синергетикалык натыйжага жетишүүгө мүмкүндүк берет деп ишенебиз.
Мамлекеттик сатып алуулар тутумунун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн Бирликтин мүчө мамлекеттеринин электрондук санариптик кол тамгасын өз ара таануу жөнүндө маселени биротоло жөнгө салуу жана бул чөйрөдө санариптик инструменттерди андан ары илгерилетүүгө көмөктөшүү сунушталат.
Электрондук сооданын жигердүү өнүгүшүнө байланыштуу Бирликте мамлекеттин, ошондой эле электрондук соода аянтчаларынын, сатуучулардын жана керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын эсепке алуу үчүн оптималдуу моделди издөө менен бирге маркетплейстердин ишмердигин өзүнчө жөнгө салуу зарылдыгы пайда болууда.
7. Эл аралык кызматташтыкты бардык форматтарда өнүктүрүү, Бирликтин товарларын чет өлкөлүк рынокторго илгерилетүү үчүн кошумча шарттарды түзүү үчүн жаңы импульс керек.
Мүчө мамлекеттердин уставдык максаттары жана идеологиясы боюнча тектеш регионалдык интеграциялык бирикмелер менен өз ара аракеттенүүсү, ошондой эле ЕАЭБге караштуу байкоочу мамлекет институтунун алкагында өнөктөштүктү өнүктүрүү Бирликтин экономикалык дараметин чыңдоонун маанилүү фактору болуп саналат. ЕАЭБ, КМШ, ШКУ жана БРИКСтин интеграциялык дараметтеринин айкалышынын практикалык аспектилерине, АСЕАН катышуучу мамлекеттери менен соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууга тийиш.
Достук өлкөлөр менен ЕАЭБ деңгээлинде кол коюлган эркин соода жана соода-экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашууларды ишке ашыруу боюнча андан аркы иштерди, келечектүү өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөрдү активдештирүүнү, Евразия континентинде ийгиликтүү иштеген эл аралык аймактык уюм катары Бирликтин позициялануусунун негизги практикалык элементтери деп эсептейбиз.
8. Интеграциянын экономикалык багытын социалдык жана гуманитардык чөйрөдөгү көйгөйлөр менен толуктоого багытталган биргелешкен иш да маанилүү болуп саналат.
ЕАЭБдин мындан аркы өнүгүүсү Бирликтин мүчө мамлекеттердин жарандарынын жыргалчылыгын жогорулатуу менен ажырагыс байланышта болушу керек. Буга байланыштуу саламаттыкты сактоо, билим берүү, спорт, туризм, маданият тармактарында жана башка гуманитардык тармактарда кызматташуу биздин көңүл чордонунда болууга тийиш.
9.Биздин өлкөлөрдөн мурда болуп көрбөгөндөй, ар кандай деструктивдүү ресурстарга, агрессивдүү соккуларга каршы натыйжалуу чараларды көрүү үчүн маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн жаңы деңгээлине өтүү талап кылынат. Өлкөлөрүбүздүн салттуу баалуулуктарын, элдердин тарыхый жана маданий мурастарын урматтоонун негизинде жалпы маалыматтык мейкиндикти түзүүгө консолидацияланган мамилени иштеп чыгуу максатка ылайыктуу болот.
Албетте, биз жалпы тарыхыбыздагы өзгөчө датаны — Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын татыктуу белгилеп, тынчтыкты камсыз кылууга жана кайрадан бүткүл адамзатка коркунуч туудурган нацизмге каршы күрөшүүгө багытталган аракеттерди бириктиришибиз керек.
Бүгүнкү күндө дүйнөлүк коомчулукка бири-бирин урматтоо жана укуктук ченемдерди сактоо менен гана өнүгүүгө, келечекти курууга, бакубатчылыкка жетишүүгө мүмкүн экендигин көрсөтүү маанилүү.
Белгиленген багыттарды ырааттуу ишке ашыруу евразиялык интеграцияны андан ары
өнүктүрүүгө жана биздин өлкөлөрдүн ортосунда өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө
өбөлгө болот деп толук ишенем.