Евразия экономикалык комиссиясынын Өнөр жай саясаты департаментинин Евразия экономикалык мейкиндигине мүчө мамлекеттердин өнөр жай комплекстеринин өнүгүүсүн мониторингдөө жана талдоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары Галина Мартинкевич XV Эл аралык Москва автомобилдик форумунда Евразия экономикалык бирлигинде автомобиль куруу чөйрөсүндө кооперациялык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жаңы механизмдери жөнүндө баяндама менен чыгып сүйлөдү.
"ЕАЭБде автомобиль куруудагы тармактар аралык кооперация даяр продукцияны жеткирүү жолу менен дагы, ошондой эле Бирликтин аймагында чогултуу өндүрүшү үчүн компоненттерди жана алардын бөлүктөрүн өндүрүү жана жеткирүү жагында да жүзөгө ашырылат", — деп белгиледи Галина Мартинкевич, жана бул үчүн мүчө мамлекеттердин биргелешкен долбоорлорду, анын ичинде үчүнчү өлкөлөрдүн өндүрүүчүлөрүнүн катышуусу менен ишке ашыруу боюнча зарыл компетенциялары жана илимий-технологиялык базасы бар экенин кошумчалады.
Комиссиянын өкүлү кооперациянын мисалдарын келтирди: дизелдик кыймылдаткыч куруу жаатындагы биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу (Минск мотор заводу жана Ярослав мотор заводу), Кокшетаудагы "КАМАЗ-Инжиниринг" АК биргелешкен казакстандык-россиялык долбоору.
Электр транспорттук каражаттарын өндүрүү жана популяризациялоо жагындагы учурдагы дүйнөлүк тенденцияларды эске алуу менен Комиссияда "Евразия электробусу" долбоорун иштеп чыгуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө, мүчө мамлекеттердин аймактарында автомобиль электр транспорту үчүн дүрмөттөөчү жана сервистик инфраструктуранын интерактивдүү картасы (объекттердин жайгашкан жерлерин көрсөтүү менен) түзүлүүдө.
"Бул долбоорлорго, анын ичинде автокомпоненттик базаны локалдаштыруу жана өнүктүрүү деңгээлин жогорулатуу үчүн башка кызыкдар өндүрүүчүлөр да кошула алышат", — деп белгиледи Галина Мартинкевич.
Анын айтымында, мүчө мамлекеттердин автомобиль куруу чөйрөсүндөгү жакынкы келечектеги негизги милдеттери чогултуу өндүрүшүн локалдаштырууну жогорулатуу, транспорт каражаттарынын жаңы түрлөрүн чыгарууну өздөштүрүү, автокомпоненттердин жана материалдардын багытын өнүктүрүү, электр кыймылдаткычы менен транспорт каражаттарын өндүрүүнү жана колдонууну өбөлгөлөө, ЕАЭБ аймагында транспорт каражаттарынын улуттук бренддерин чыгаруу болуп саналат.
Галина Мартинкевич белгилеп өткөндөй, бул милдеттерди жүзөгө ашырууга Евразия экономикалык бирлигиндеги кооперациялык өнөр жай долбоорлоруна каржылык көмөк көрсөтүүнүн жаңы механизминин мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу өбөлгө түзөт.