Дүйнөлүк бажы уюму менен кызматташууну өнүктүрүү боюнча укуктук жана уюштуруучулук мамилелер жактырылды

Дүйнөлүк бажы уюму (ДБУ) менен өз ара аракеттенүү боюнча жумушчу топтун эксперттери 2025-жылга чейин Евразия экономикалык интеграциясын өнүктүрүүнүн Стратегиялык багыттарын жүзөгө ашыруунун алкагында Евразия экономикалык бирлигинин ДБУ менен кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча укуктук жана уюштуруучулук мамилелерди алдын ала жактырышты.

ЕЭКтин эксперттик отурумуна Комиссиянын бажы кызматташтыгы боюнча блогунун жана Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн компетенцияларына бажылык жөнгө салууну өркүндөтүү маселелери кирген ыйгарым укуктуу органдарынын өкүлдөрү катышышты. Жумушчу топтун мүчөлөрү Стратегия-2025ти ДБУ менен өз ара аракеттенүү боюнча ишке ашыруу үчүн зарыл болгон маселелердин комплексин карап чыгышты.

"Комиссия ЕАЭБ өлкөлөрүнүн башчыларынын Бирликтин ДБУга мүчөлүгү жөнүндө директивасын аткарууга, ошондой эле анын негизги укуктук каражаттарына кошулууга карата негизги уюштуруу-укуктук мамилелерди аныктаган документти иштеп чыкты", - деп ЕЭКтин Бажы мыйзамдары жана укук колдонуу практикасы департаментинин директору Сергей Владимиров белгилеп өттү.

Департаменттин жетекчиси бул маселени чечүү укуктук, процедуралык, институционалдык аспектилерди терең талдоону, Бирлик үчүн артыкчылыктарды жана мүмкүн болуучу тобокелдиктерди аныктоону талап кылаарын жана мындай иш Комиссия тарабынан жүргүзүлүп жаткандыгын түшүндүрдү.

Бирликтин ДБУ менен кызматташтыгын өнүктүрүү Стратегиялык багыттарды, ошондой эле ЕАЭБдин эл аралык ишмердүүлүгүнүн Негизги багыттарын ишке ашыруунун маанилүү багыты болуп саналат жана бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү укуктун модернизациясына оң таасирин тийгизет.

Маалымат

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2020-жылдын 11-декабрындагы № 12 чечими менен кабыл алынган Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки стратегиялык багыттарынын 11.7.5-пунктунда Бирликтин ДБУнун мүчөсү статусун алуусуна багытталган иш-аракеттерди жүргүзүү, Бирликтин ДБУнун негиз болуучу документтерине кошулуу мүмкүнчүлүгүн иштеп чыгуу сыяктуу маселелер каралган.