ЕЭКтин жана "евразиялык" бешилтиктин өлкөлөрүнүн ЕАЭБдин жалпы электр энергетикалык рыногун (ЖЭР) түзүү боюнча интенсивдүү иши уланууда.
Алсак, Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан Санкт-Петербург товардык-чийки заттык биржасы (СПбЭТЧБ) менен биргеликте уюштурулган ЕАЭБ ЖЭР түзүү боюнча комитетченин 100-отурумунда биржанын жетекчилери Алексей Рыбников жана Сергей Трофименко комитетченин эксперттерине ЕАЭБ ЖЭРде мөөнөттүү контракттар боюнча электр энергиясы менен борбордоштурулган тооруктарды уюштурууга даярдык көрүү боюнча өздөрүнүн иштери жөнүндө маалымат беришти.
Буга чейин, 2022-жылдын 25-ноябрында ЕЭК Кеңеши СПбЭТЧБны ЕАЭБ ЖЭРде мөөнөттүү контракттар боюнча электр энергиясын борборлоштурулган сатуунун үч операторунун бири катары аныктаган. Иштелип чыккан долбоордун алкагында, биржа тандалган бардык үч соода аянтчалары менен бирдиктүү соода сессиясын уюштурууга даяр. Бул туурасында Беларусь универсалдуу соода биржасы менен макулдашуу түзүлгөн, казакстандык электр энергия жана кубаттуулук рыногунун оператору менен сүйлөшүүлөр уланууда.
Ошону менен бирге комитетченин мүчөлөрү Бирликтин ЖЭРде электр энергиясын өз ара сатуу эрежелеринин долбооруна тактоолорду макулдашышты жана маалыматтык алмашуу эрежелеринин долбоорлорун жана Бирликтин ЖЭРге кошулуу жөнүндө келишиминин формаларын талкуулашты. Аталган документтерди кабыл алуу электр энергиясынын жалпы рыногунун иштей башташы үчүн милдеттүү.
Иш чаранын катышуучуларына ЕЭКтин энергетика боюнча министри Арзыбек Кожошевдин ыраазычылык сөздөрү айтылып, ал мындай деп белгилеген: "Комитетченин ишине ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин жогорку квалификациялуу адистеринин катышуусу бизге терең ойлонулган документтерди иштеп чыгууга жана электр энергиясынын жалпы рыногунун иштешинин натыйжалуу механизмдерин түзүүнү камсыз кылууга мүмкүндүк берүүдө. Эксперттердин ишинин интенсивдүүлүгү биздин өлкөлөрдүн жалпы рынокту тез арада ишке киргизүүгө чоң кызыкдарлыгы жөнүндө айтып турат".