Жаңылыктар

29.03.2023 (Обновлено: 30.03.2023 18:16)

Евразия экономикалык бирлигинин ички рыногунда тоскоолдуктарды аныктоого жана четтетүүгө карата жаңы мамилелер аныкталды

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Евразия экономикалык бирлигинин ички рыногунда тоскоолдуктарды аныктоого жана четтетүүгө карата жаңы мамилелер аныктады.

Жаңылыктар катары тоскоолдуктарды кароонун оптимизацияланган мөөнөттөрү жана өркүндөтүлгөн механизми, тоскоолдуктарды жана чектөөлөрдү четтетилди деп таануунун жеткире иштелип чыккан тартиби, Бирликтин ички рыногунда тоскоолдуктардын белгилеринин болушуна байланыштуу кырдаалдарды жөнгө салуу боюнча медиация жол-жобосу каралат.

"Комиссия ЕАЭБдин ички рыногунда тоскоолдуктарды квалификациялоо методологиясынын колдонуудагы редакциясын колдонуу практикасын талдап чыгып жана талдоонун негизинде анын жаңы редакциясын кабыл алды", – деп белгиледи ЕЭКтин ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча министри Варос Симонян. — Жалпысынан документте каралган механизмдер тоскоолдуктарды квалификациялоо жол-жоболорун олуттуу кыскартат".