Башкы
/
Жаңылыктар
/
Тоо-кен иштери жана металлургия үчүн жабдууларды өндүрүүдө кооперациялык кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары аныкталды
Тоо-кен иштери жана металлургия үчүн жабдууларды өндүрүүдө кооперациялык кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары аныкталды
28.04.2026
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы
28-апрелде Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин тоо-кен иштери жана
металлургия өнөр жайы үчүн машиналарды жана жабдууларды өндүрүү чөйрөсүндө өнөр
жайлык кызматташтыгын өнүктүрүү жөнүндө сунуштаманы кабыл алды.
Сунуштама ЕАЭБ өлкөлөрүндө мындай жабдууларды өндүрүүчүлөрдүн, аны өндүрүү үчүн чийки заттарды жана материалдарды жеткирүүчүлөрдүн жана бул продукцияны керектөөчүлөрдүн ортосундагы тармактар аралык диалогду өнүктүрүүгө багытталган. Ошондой эле, аталган тармактарда заманбап технологиялык чечимдерди киргизүү боюнча тажрыйба алмашуу сунушталат.
Документ ЕАЭБ мамлекеттеринин тоо-кен иштери жана металлургия өнөр жайы үчүн машиналарды жана жабдууларды өндүрүү тармактарын өнүктүрүү боюнча маалыматтык-аналитикалык серепте камтылган корутундулардын негизинде даярдалган.