Атайын жөнөкөйлөтүүнү колдонуу үчүн маалыматтарды көрсөтүү эрежелери оптималдаштырылды
02.06.2026

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Товарларга декларацияны толтуруу тартибине өзгөртүү киргизүү жөнүндө чечим кабыл алды.

Бүгүнкү күндө ыйгарым укуктуу экономикалык операторлор (ЫЭО) бажы кампасынын бажы жол-жобосунун алкагында товарларды өздөрүнүн аянтчаларында сактай алышат.

Кабыл алынган түзөтүүлөргө ылайык, декларацияны толтурууда товарлардын турган жери жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү зарыл. Эгерде компания атайын жөнөкөйлөтүүнү колдонсо, анда ал ЫЭО аянтчасында бажы контролу зонасы түзүлгөндүгүн ырастаган документ жөнүндө маалыматтарды же мындай зонанын каттоо номерин толтурат.

Декларацияда бул маалыматтарды көрсөтүү бажы органдарына керектүү маалыматты кошумча суроо-талаптарды жөнөтпөстөн автоматтык түрдө алууга мүмкүндүк берет. Натыйжада бажы контролу оптималдаштырылат жана бизнестин чыгымдары кыскарат.

Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлор институту — бул өнөктөштүк программанын эл аралык деңгээлде таанылган стандарты, ал эми ЫЭОлор — бажылык операцияларды жана бажы контролун жүргүзүүдө белгилүү бир талаптарга жооп берген жактар катары жеңилдиктер берилген, юридикалык жактардын өзгөчө категориясы.

Ыйгарым укуктуу экономикалык оператор үчүн кошумча атайын жөнөкөйлөтүү Комиссиянын Кеңешинин 2024-жылдын 18-октябрындагы № 86 Чечими менен бекитилген.