ЕАЭБде калктын жашоо деңгээли жөнүндө статистикалык жыйнак басылып чыкты

Евразия экономикалык комиссиясынын Статистика департаменти Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн калкынын 2018-2022-жылдардагы жашоо деңгээли жөнүндө статистикалык изилдөөсүн сунуштады.

2022-жылы 2021-жылга салыштырмалуу орточо айлык эмгек акы ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө өскөн: Арменияда – 15,4%га (235,6 миң армян драмы, 541 АКШ доллары), Беларуста – 13,1%га (1,6 миң беларус рубли, 623 АКШ доллары), Казакстанда – 23,7%га (309,7 миң теңге, 673 АКШ доллары), Кыргызстанда-37,3%га (26,5 миң сом, 316 АКШ доллары), Россия - 14,1%га (65,3 миң орус рубли, 969 АКШ доллары).

Үй чарбаларынын жан башына орточо акчалай кирешелери ушул эле мезгилде Беларуста 14,1%га (0,8 миң беларус рубли, 290 АКШ доллары), Казакстанда – 16,3%га (80,4 миң теңге, 175 АКШ доллары), Кыргызстанда – 19,6%га (7,9 миң сом, 94 АКШ доллары), Россияда – 11,7%га (38 миң орус рубли, 563 АКШ доллары) өскөн; Арменияда 2,7%га (74 миң миң армян драмасы, 170 АКШ доллары) төмөндөгөн.

Жакырчылыктын деңгээли Арменияда 1,7 пайыздык пунктка, Беларуста – 0,2 пайыздык пунктка, Кыргызстанда – 0,1 пайыздык пунктка, Россияда – 1,2 пайыздык пунктка төмөндөгөн, ал эми Казакстанда өзгөрүүсүз калган.

2022-жылы бир айда калктын жан башына орточо жашоо минимумунун чоңдугу Кыргызстанда 7,3 миң сомдон (86 АКШ доллары) баштап Россиядагы 13,9 миң орус рублине (198 АКШ доллары) чейин жеткен.

Үй чарбачылыктарынын чыгашаларынын түзүмүндөгү эң чоң үлүштү тамак-аш азыктары түздү: Россияда 32,9%дан Казакстанда 51,2%га чейин. Транспортко, маалымат жана байланышка Арменияда 2,9%дан Россияда 18,7%га чейин туура келген. Чыгашалардын түзүмүндө тиричилик-коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жана отундун үлүшү Казакстанда 7,3%дан Арменияда 19,9% чейинки өлчөмдү түздү. Жарандар саламаттыкты сактоого жана билим берүүгө кирешесинин Казакстанда 4,3%дан баштап Арменияда жана Беларуста 7,8%га чейин жумшашат.

Адамзаттык өнүгүү индекси боюнча дүйнөдөгү 193 өлкөнүн ичинен Россия 56-орунда, Казакстан 67-орунда, Беларусь 69-орунда, Армения 76- орунда, Кыргызстан 117-орунда турат.

Ошондой эле жыйнакта туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү, калктын социалдык-экономикалык дифференциациясы, шаардык жана айылдык үй чарбаларынын кирешелери жана чыгымдары, азык-түлүктү сатып алуу жөндөмү жана керектөө жөнүндө маалымат камтылат.

Статистикалык маалымат кененирээк ЕЭКтин Статистика департаментинин баракчасында “Калктын жашоо деңгээли” бөлүмүндө келтирилген.

Маалымат

Адамзаттык өнүгүү индекси (АӨИ) узак жана ден-соолукта жашоо, билим алуу жана татыктуу жашоо деңгээлине жетүү мүмкүнчүлүгүн мүнөздөгөн интегралдык көрсөткүч болуп саналат. АӨИ 1990-жылдан бери БУУнун Өнүктүрүү программасы тарабынан эсептелет.