Жеке адамдарга чет элдик валютада узак мөөнөттүү насыяларды берүүнүн максималдуу чени 2021-жылдын I кварталында Казакстанда – 21,4%, ал эми минималдуу саны – Россияда – 5,7% деп белгиленген.
Юридикалык жактарды насыялоонун көлөмү 2021-жылдын аралыгында 43%га өскөн, ошол эле учурда мөөнөтү өткөн карыздар 23%га өскөн.
Жеке жактар тарабынан депозиттерге жайгаштырылган каражаттар 14%га көбөйүп, ал эми юридикалык жактар депозиттерин 2021-жылдын аягына чейин 22%га көбөйтүшкөн.
Ушул жана башка маалыматтар менен статистика департаментинин "Акча жүгүртүмү жана насыялоо. Евразия экономикалык бирлигинин статистикасы. 2021-жыл" статистикалык бюллетенинен тааныша аласыздар.