Евразия экономикалык комиссиясынын статистика департаменти Евразия экономикалык бирлигиндеги пенсиялык камсыздоо жөнүндө статистикалык изилдөөнү жарыялады. Жыйнакка пенсиялык камсыздоонун көрсөткүчтөрү жана 2018-жылдан 2022-жылга чейинки мезгилде эмгекке жөндөмдүү курактан улуу калкты мүнөздөгөн башка социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр боюнча маалыматтар киргизилген.
Алсак, ЕАЭБ калкынын саны 2023-жылдын башына карата 185,4 млн адамды түзгөн, анын ичинен 41,4 млн - эмгекке жарамдуу курактан улуу адамдар (22,3%). 2022-жылы пенсиянын өлчөмү Кыргызстанда 96 АКШ долларынан (8 114 сом) баштап, Россияда 264 АКШ долларына (17 825 рубль) чейин жеткен.
Орто эсеп менен ЕАЭБ боюнча эмгекке жарамдуу калктын 100 адамына 23 пенсионер туура келет (8 эркек жана 15 аял).
Пенсияга чыгуунун курагы ЕАЭБ өлкөлөрүндө төмөнкүдөй айырмаланат: эркектер үчүн Россияда 61,5 жаштан баштап, Арменияда, Беларуста, Казакстанда жана Кыргызстанда 63 жашка чейин, аялдар үчүн Россияда 56,5 жаштан баштап, Арменияда 63 жашка чейин.
Толугураак маалымат — ЕЭКтин Статистика департаментинин баракчасында "Пенсиялык камсыздоо. ЕАЭБ статистикасы" топтомунда.