Жаңылыктар

16.09.2022 (Обновлено: 26.09.2022 09:17)

ЕАЭБде товарлардын жалпы биржалык рыногун түзүү боюнча сунуштар жарыяланды

Евразия экономикалык комиссиясынын сайтында Евразия экономикалык бирлигинде товарлардын жалпы биржалык рыногун түзүү боюнча сунуштар жөнүндө баяндама жарыяланды.

Буга чейин баяндама ЕЭК Коллегиясы тарабынан жактырылган. Отурумда ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев белгилегендей, Бирликтин жалпы биржалык товар рыногун түзүү Стратегия-2025 менен каралган.

"Товарлардын жалпы биржалык рыногун түзүүнүн башкы максаты болуп биржалык товарларга объективдүү рыноктук бааларды түзүү, Бирликте соода көлөмдөрүнүн өстүрүү, улуттук валюталарда эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү, сатуучулар менен сатып алуучулардын ортосундагы ортомчулуктун деңгээлин жогорулатуу жана дүйнөлүк рынокто ЕАЭБ товарларына адилеттүү баа түзүү саналат", - деди Сергей Глазьев.

Баяндамада товарлардын жалпы биржалык рыногун түзүү схемалары, жалпы рынокто сатуу үчүн товарлардын жана туунду каржылык куралдарынын тизмесин аныктоо, баалардын биржалык жана биржадан тышкары индикаторлорун эсептөө боюнча сунуштар, ошондой эле Европа бирлигинин тажрыйбасы камтылган.

"Бирликтин жалпы биржалык рыногунда сатылуучу биржалык товарларга төмөнкүлөр кириши мүмкүн: көмүр, минералдык жер семирткичтер, өсүмдүк майы, кант, шроттор, күнжаралар, кара металл, курулуш материалдары, цемент, алтын, электр энергиясы, газ, мунай, мунай өнүмдөрү, дан", - деп белгиленет материалда.

Баяндаманын корутундулары жана сунуштары ЕАЭБ алкагында товарлардын жалпы биржалык рыногун түзүү концепциясын иштеп чыгуу үчүн колдонулат, аны 2023-жылы бекитүү пландаштырылат.

Буга чейин Беларусь универсалдуу товардык биржасында рапс майы боюнча сынамык тооруктар өткөрүлүп, ага ЕАЭБ өлкөлөрүнүн чарбакер субъекттери жана биржалары катышкан. Бизнес өкүлдөрү уюштурууну жогору баалашып, реалдуу тооруктарга катышууга кызыкдар экендигин билдиришти.